www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Токтомдо казинонун ээсинен баштап, аткаруу бийлиги жана укук коргоо органдары бөтөнчө жоопкерчилигин да жазыш керек», - деди бүгүн, 28-июнда, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Турат Мадылбеков.
- Турат Мадылбекович, депутаттар Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Мыйзам чала жазылып калган жокпу?
- Депутаттардын көпчүлүк добушу менен бул мыйзам кабыл алынды. Эми аткаруу бийлиги жана укук коргоо органдары казино ачылгандан кийин көзөмөлдү күчөтүүгө даярданышы керек.
Экинчиден, мыйзам кабыл алынгандан кийин өкмөт дагы мыйзамдын негизинде токтом кабыл алса керек. Анткени, мыйзамда майда-чүйдөлөрү жазылбайт да.
Ошол токтомдо казинонун ээсинен баштап, аткаруу бийлиги жана укук коргоо органдары бөтөнчө жоопкерчилигин да жазыш керек. Токтомду кабыл алганда укук коргоо органдары казино иштеткендерди көзөмөлдөөнүн жолдорун майда-чүйдөсүнөн бери жазып, камтыш керек.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт коюшту.
Ошентип аталган мыйзам экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат «макул», тогузу «каршы» болду. Беш депутат добуш берген жок.
Депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болду.
Өлкөдө бир катар нааразылыктан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар айтылып келген.
Булак: NazarNews.kg