www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку кеңеш өткөн аптада кумарканалар тууралуу мыйзамды кабыл алды, эми аларды өлкөнүн кайсы болбосун аймагында ача берсе болот, бирок – жеке менчик ресторан же мейманканаларда гана. Кыргыз жарандары жана 21 жашка толо элек же жөндөмсүз чет мамлекеттин жарандары ойной албайт. Өкмөт казино аркылуу бюджетке 5 миллиард сомго чейин чогултабыз деп үмүттөнөт.

Бир топ депутат мыйзам үчүн добуш берүүдөн баш тартты, ошондуктан спикер долбоорду бир нече жолу колго салды. Башка дагы эреже бузуулар болду. Бул мыйзамга чейин кумарканалар бир нече жыл бою тымызын иштеген, ошондуктан бюджетике эч нерсе төлөгөн эмес. Айрым европалык шаарларда казинолор ачык-айкын эле аракеттенет, кээ бир мамлекеттерде ок атуучу курал дагы эркин сатылат.

Ошондуктан маселе казинонун өзүндө эмес, маселе – жазылган эрежелер канчалык так аткарылаарында. Мисал үчүн, мыйзамдарда милиция эч эреже бузбаш керек же соттор адилет гана чечим чыгарууга тийиш деп да жазылган, бирок алар эмне кылып жатканын баарыбыз билебиз. Жана ага, казиного сыяктуу, биз өтө деле каршы эмеспиз.

Последние новости