www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламентарий кесиптеши кимдир бирөөнүн көрсөтмөсүн аткарып жатат деп шектенди Жогорку Кеңеш депутаты Самат Исманов кесиптеши Дастан Бекешевдин айрым депутаттар мыйзам долбоорлорун окубайт деген сөздөрүнө кескин жооп берди. Исманов кесиптештерине жана министрлер кабинетине айтылган сынды кимдир бирөөнүн заказы деп эсептейт.

- Дастан Далабаевич, сиз орфографиялык катасыз орус тилинде сүйлөсөңүз, башкалар долбоолорду азыраак окуганыбызды же ченемдик укуктук актыларды, мыйзамдарды жана мыйзам алдындагы актыларды изилдебейбиз дегенге укук бербейт,- деди ал Бекешевге кайрылып. - Сиздин тынымсыз сыныңыз хайп болуп баратат. Он ай мурун мен депутат болгон эмесмин, сыналгыда отуруп сени көрүп жаткам. Дастан Далабаевич, бизди жана министрлер кабинетин сындоо менен сиз кимдир бирөөнүн буйрутмасын аткарып жатасыз деген пикир бар. Мен билдирүүлөрүңүздө этият болууңузду суранам. Бир-бирибизди конструктивдүү сындайлы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости