www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети тууралуу мыйзамдын кабыл алынышы - 2021-жылы жазында бүткүл элдик референдум менен кабыл алынган жаңы Конституциянын нормаларын ишке ашыруу дейт мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов.

«Мыйзамга ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы президенттин администрациясынын жетекчиси да болууга тийиш. Бул норма боюнча, жаңы Конституцияга ылайык, президент аткаруу бийлигинин бутагынын башчысы болуп калат. Ошондуктан кызмат орунду орток аткаруу туура эле кадам», - дейт серепчи.

Анын сөзү боюнча, мурдагы беш президенттин учурунда эки борбордун бир-бирине атаандаш эки чечим чыгарып калышына же институттарды ар башка функцияда пайдаланууга себеп болгон. Көпчүлүк учурда бир-бирине каршы келип, ашыкча маселе жаратчу.

«Президенттин аппарат жетекчиси менен премьер-министрдин кызматын бириктирүү өлкөнү саясий башкаруу системасындагы ашыкча баш оорудан арылтат», - деп эсептейт Бактыгулов.

Өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал тууралуу суроого жооп берип жатып, саясий серепчи Кыргызстан дагы эле саясий кризисте экендигин белгиледи. Ал кризис мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстандагы саясий жетекчиликке карата жасаган кансыз согушунун кепепети.

«Ал кризистен чыгуунун бир этабы 2020-жылы октябрда болуп өттү. Ал эми анын бүтүшү Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлап алгандан кийин аяктайт. Аздыр-көптүр туруктуу абал 2022-жылдын жазында түзүлөт», - деп өзүнүн прогнозун менен бөлүшөт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости