www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мына, бүгүнкү күндө кыргыздарды «батага, тойго менден сурап баргыла» дегенге жетип калдык. Бул тууралуу бүгүн ЖК депутаты Шайлообек Атазов парламенттин жыйынында билдирди.

«Парламенттик шайлоодон кийинки шайлоого чейин жыйындарга 3-5 айлап келбей койгон «сулуу чымчыктар» менен президентке кошомат кылып, аягында жарга такаган депутаттардан арылышы керек. «Голубойлорго» митинг өткөрүүгө уруксат берген бийликти мактап отурган батыштык саясатчыларынан кутулушубуз керек.

Мына, бүгүнкү күндө кыргыздарды «батага, тойго менден сурап барыла» дегенге чейин жетип калдык. Дастан Далабаевич ким, көрүнгөндү коррупционер дегидей? Мына ушундай Батышты колдогон дагы бир канча журналисттердин айынан «Дордой» менен «Кара-Суу» базары сызга отурду, ал эми ишкердин баары өлкөдөн качып чыгып кетти. Булардын бул жерде интрига кылып сүйлөгөндөн башка колунан эч нерсе келбейт.

Эгер коррупционер болсо, колунан кармап ушул жерге алып кел. Соттун алдында күнөөсүн далилде. Мен, дүйнөнүн чемпиону, бир нерсени эске албаганда Бекешев менен өзүнчө сүйлөшмөкмүн», - деди эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости