www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Наталья Никитенко УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, УКМКнын кызматкери журналистке кол салды деген маалыматты текшерүүнү суранды. Никитенко билдиргендей, соцтармакка кафеде курбулары менен отурган журналистке белгисиз адам барып, анын иштеген жери, кайда төрөлгөнүн, жеке жашоосу тууралуу айтып бере баштаган.

«Журналист аны сүрөткө тартып алайын дегенде, ал УКМКда иштээрин айтып, журналисттин телефонун чапкан жана андан соң качып кеткен. Мен бул маселени жеке көзөмөлүңүзгө алууну суранам. Буга чейин 21 жаштагы жигитти дагы бийликти басып алууга үндөгөн деген жүйөө менен УКМКга суракка чакырышкан. Мындай билдирүүлөр мени тынчсыздандырууда», - деди Никитенко.

Ташиев УКМКнын кызматкерлери билимдүү адамдар экенин айтып жооп берди. «Алар эч качан журналистке барып, бир нерсе айтып, андан соң кетип калышпайт. Мен так билем, алар антпейт. Бул жөн гана провокация. Балким, бир адам ага жаман сөз айткан, андан соң өзүн УКМКнын кызматкери катары көрсөтүп койгон. УКМКнын кызматкери андай кылбайт. Билбесеңиз, билип алыңыз. Журналист мага кайрылсын, мен эртең тергейм», - деди Ташиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости