www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Искендер Матраимов ЖК жыйынында Оштон Бишкекке жөө келгендер боюнча сөз козгоду.

«Шайлоо башталганга аз калган сайын бизге ар тараптан каралоо болуп келет. Буга төрт жылдан бери көнүп деле калдым. Кандай гана иш-чара болбосун, бизге асылып киришет. Буга чейин буларга жооп кайтарган эмесмин, бүгүн деле кайтарбайм.

Кечээ төрт-беш адам Папандан деп жөө келди. (ред - Оштон Бишкекке чейин) муну кимдер уюштурганын, эмне жасап жатканын мен изилдеп көрдүм. Төрт жылдан бери мындай иштерди изилдеп отуруп, мен деле милицияда иштегенге жарап калдым, акыры.

Ал жер 1996-жылы берилип, токтом 2008-жылы жокко чыгарылган экен. Эми ортодон бирөөлөр акылдуулук кылып «ушул жерге Матраимовдорду кошуп койсоң жакшы карап берет» деген окшойт. Эми мен Камчыбек Кыдыршаевич менен Улан Омокановичтен суранам, ушуну иликтеп, карап чыксаңар, алардын ОшУВДсында да иштери бар экен. Кимдики туура, ким жалган сүйлөп жатат, ачыкка чыксын.

Дагы бир кошумчалай кетчү жагдай - жанымда иним турат (ред - Д.Бекешев) булар эрте менен башына бир нерсе жаздырып келет да, өздөрү эч нерсе дей алышпайт. Буга да көндүм. Мен ага (ред – Бекешевге) дайыма айтам... Иним... десем: «Болду айтпайм» дейт, бирок эртеси күнү кайра эле оюна келгенди айта берет. Бул өзү эмес, аны бирөө сүйлөтөт», - деди депутат Искендер Матраимов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости