www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Касымалиева: «Ошондо Артем Новиков эмне иш кылат?»

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык комитетинде премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов жаңы өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын тааныштырып жатат.

Анын жүрүшүндө депутат Аида Касымалиева биринчи вице-премьер-министр кызматына сунушталып жаткан Артем Новиковдун эмне иш алып барары тууралуу сурады.

Касымалиева: - Артем Эдуардович ошондо вице-премьер-министр катары экономика жана каржы жагын карайбы?

Марипов: - Экономика жана каржы боюнча вице-премьер-министр Улукбек Карымшаков карайт.

Касымалиева: - А биринчи вице-премьер-министр эмне кызмат аткарат?

Марипов: - Азыр баарыбызда эле маселе көп. Биз бул маселелерди сиздер бекитип бергенден кийин регламент менен бекитебиз.

Касымалиева: - Деталдуу планды күтөбүз. Дүйнө жүзүндө деле карап көрсөк ушундай жолго барып жатышат. Министрликтер чоңоет. Бирок кеп министрликтерде эмес, орун алмашуудан сумма өзгөргөн жок деген принцип болбошу керек. Буга чейинки маселе — координациялоо болгон. Өз өзүнчө болуп алып эле, анан министрликтерде иш жүрбөстөн, тура берген маселелер болуп калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости