www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Сооронбай Жээнбеков Түркияга эмес башка мамлекетке учуп кетти», - деди, бүгүн, 2-февралда NazarNews маалымат агенттигине активист Урмат Акунов.

--Урмат мырза, социалдык тармакта мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалымат айтылууда. Айрым маалыматтарга таянсак, сиз жакында эле Жээнбенков менен жолугуп келдиңиз. Талкууга алынган маалыматтар чынбы?

«Сооронбай Жээнбеков Түркияга эмес башка мамлекетке учуп кетти. Мындан ары элге кызмат кылуу аракетинде чет өлкөдөгү кайрымдуулук фонддорду Кыргызстанга алып келип, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана кичи ишканаларды ачууга аракет жасайт. Жакынкы аралыкта Сооронбай Жээнбеков мамлекетке инвестиция тартуу максатында иш жүргүзө баштайт», - дейт Урмат Акунов.

Ушул тапта Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөн чыгып кеткенин айрым маалымат булактары өздүк булактарына таянып жазышууда. 

Эске салсак, буга чейин Башкы прокуратура мурдагы президент Сооронбай Жээнбековду 2020-жылдын октябрындагы балашамандык үчүн жоопко тартуу боюнча арызды УКМК жана ИИМге жибергени айтылган.

Маалыматка караганда, октябрь окуяларында жабыркагандар түзгөн «Кыргыз үмүтү» коомдук бирикменин өкүлдөрү «аянтка чыккан элди кууп-таратуу боюнча күч органдарына тапшырма берген» деген негизде Жээнбековду жазага тартып, экс-президент деген макамынан ажыратууну талап кылган эле. 

Ал эми УКМК жана ИИМ арыз түшө электигин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости