www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун алкагында экинчи адам камалды. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Транспорт комитетинин бүгүн, 25-майдагы отурумунда айтты.

Бул жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болуп жаңы дайындалган Дастан Догоев да катышты.

Депутат эске салгандай, 2019-жылдын 20-декабрында 350 миң доллар талап кылган деген шек менен Сыргак Кенжебаев кармалган. Ал эми 2021-жылы 20-майда санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев 2 млн 650 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалып, убактылуу камакка алынган.

Рыскелди Момбеков: - «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырган Дастан Давлетович, сиз болчусуз. Туурабы?

Сиз былтыр июнь айында Англиядагы окуума кетип жатам, бул деген адам баласына бир келе турган шанс экен деп кеттиңиз эле. Бир жыл өтпөй келип калганыңызга эмне себеп болду? Азамат Дыйканбаевдин камалышыбы же атайын чакырыштыбы?

Дастан Догоев: - Окууну бүттүм. Июнь айында баштагам, 11 ай окудум. Бир жылдык магистралдык программа менен кеткем.

Рыскелди Момбеков: - Кыргыз өкмөтүнө таң калам. Сиз мен билгенден каалаган убакытта келесиз, каалаган убакытта кетесиз. Толкунбек Абдыгулов (Улуттук банктын төрагасы) экөөңөрдөй эрке эч ким болбогон чыгар.

Сиз бул кызматка экинчи жолу келип жатасыз, ГРСте да болдуңуз (Мамлекеттик каттоо кызматы), президенттин кеңешчиси да болдуңуз.

«Коопсуз шаардын» 2-этабынын башында сиз тургансыз. Май айында келип, тендердик сынактык комиссия түзө коюп, бирок комиссиянын уруксаты, чечими жок эле электрондук чечим менен жеңүүчүнү атап, анан октябрда кол койгонсуз. Ошол азыркы күнгө чейин ишке ашпай келе жатат. Ошону ишке ашырыш үчүн келдиңизби, же мөөнөтүн узартуу үчүн келдиңизби?

Дастан Догоев: - Ал тендерди мен жарыялаган эмесмин. Мага чейин болгон.

Рыскелди Момбеков: - Кандайча? 2019-жылы октябрда сиз каякта элеңиз?

Дастан Догоев: - Мен 2019-жылы дайындалгам. Тендер мага чейин дайындалган.

Рыскелди Момбеков: - Сиз элдин башын бурмалабаңыз. Мен көп документ алып келдим.

Сиз айткансыз: «2-майда ишке кирет» дегенсиз. Ишке кирген жок. Булардын мөөнөтү качан бүтөт? Биз узартып бергенбиз да.

Дастан Догоев: - Экинчи этабын ишке ашыруу боюнча 5-майда болуш керек... Менин азыр жанымда маалымат жок экен. Анткени мага экинчи маселе боюнча айтылган эмес.

Рыскелди Момбеков: - Жанымда маалымат жок экен деп кача бербеңиз да.

Дастан Догоев: - Тендер майдын башында жарыяланган. Ал кезде төрага башка болчу.

Рыскелди Момбеков: - Туура...

Дастан Догоев: - Мен майдын аягында келдим. Тендердик комиссия, баары мага чейин дайындалган. Тендердик комиссия менин учурумда чечим кабыл алган. Анан келишимге менин учурумда кол коюлган.

Рыскелди Момбеков: - Ошол кол коюлганда мыйзам бузулду беле, бузулган жок беле?

Дастан Догоев: - Аны тиешелүү укук коргоо органдары дайындашы керек.

Рыскелди Момбеков: - Бали, баракелде, рахмат.

Эми, урматтуу кесиптештер...

«Коопсуз шаар» долбоорунун 2-этабы боюнча Эсептөө палатасы эмне деп жатат? Окуп берейин:

Белгилей кетүүчү сөз, «Shenzen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы сунушталган баасын Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялык байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин старттык баасынын ортосундагы айырма 3 млрд 137 млн сомду түзөт. Бул өтө чоң айырма.

Сатып алуунун баасын өтө эле ылдыйлатып жибергендиктен аткаруучунун келишимди аткара албай калышы мүмкүн экени боюнча коркунуч бар.

Маалыматтык технологиялар боюнча мамлекеттик комитети бул фактыны талдап чыккан эмес жана аткаруучунун келишимди аткара албай калышы мүмкүн болгон күмөн жараткан позиция боюнча толук маалымат сураган эмес.

2019-жылдын 16-сентябрында конкурстук комиссия эң аз бааны сунуштаган Кытай компаниясына 1-орунду ыйгаруу чечимин кабыл алган жана 2019-жылы 8-октябрда аткаруучу келишимди аткарууга кепилдик камсыздоону бергенге чейин эле өткөргөн конкурсту жеңип чыккан компания «Коопсуз шаар» долбоорунун 2-этабын ишке ашыруусу боюнча кол коюлган. Бул электрондук мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү эрежелери жөнүндөгү жобонун 53-пунктун бузуу болуп саналат.

Эмне үчүн Азамат Дыйканбаев камалып кетти?

Узартып бербей койгондугу үчүн камакка алынды. Бул деген эң чоң мафия болгон!

Бизге билгизилбеген, бизге киргизилбеген бир документти сууруп чыктым. Убагында ушунун барын тегиздеп, негиздеп жазсам мени эч ким колдогон эмес.

Бул жерде башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев жазып жатат (Мамлекеттик комитеттин башчысы болгон Алтынбек Исмаиловдун атына)... Тендер боюнча бүт мыйзам бузулган деп жатат.

Мыйзам бузган тендердин башында сиз тургансыз деп белгилеген Р.Момбеков Дастан Догоевди жоопкерчиликтен качпоого чакырды.

Рыскелди Момбеков: - Дастан Давлетович, деги эле сиз кайсы жерге барсаңыз ошол жерде чыр чыгат. ГРСте (Мамлекеттик каттоо кызматы) иштеп турганда дагы биометрикалык паспорттор боюнча чыр чыкты. Ал паспорт дагы аягы эмне менен бүттү?... Мына, азыркыга чейин ала албай жатабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости