www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат: Коррупционерлердин колун кесүү керек

Депутат Русланбек Жакышов коррупционерлердин колун кесүү зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Аталган жыйында депутат Жеңишбек Токторбаев мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган мыйзам долбоорун сунуштады.

Долбоордо мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупция жана башка кылмыштар үчүн соттолгон адам мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу жоюлганына же жоюлганына карабастан аким, мэр боло албайт деген ченемди бекитүү сунушталууда.

Талкуу маалында Русланбек Жакышов мурда мамлекеттик менчикке кол салып, арзыбаган тыйындарга сатып, коррупциялык иштерди жасагандар азыр өздөрүн элита сезип жүрөт дейт.

"Мен бул мыйзам долбоорун колдойм. Мурда коррупцияга аралашкандар азыр чоң-чоң кызматтарды ээлеп отурат. Уулдары, кыздары, азыр неберелери да кызматка келди. Андайларга аёосуз жаза бериш керек. Бир эле өздөрүн эмес, уул-кыздарын да бир дагы мамлекеттик кызматка албаш керек. Кытайдыкындай колдорун (манжаларын) балта менен чаба тургандай мыйзамды киргизүү зарыл", - деди ал.

Ал эми Жеңишбек Токторбаев кесиптешине жооп кайтарып: "Колун, манжаларын кесе албайбыз албетте, бирок нормаларды катаалдаштыра алабыз", деди.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоордун консепциясын жактырды.

Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарга төмөнкүлөр кирет:

  • коррупция (336-берене);
  • кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу (337-берене);
  • бийликти ашкере пайдалануу (338-берене);
  • атайылап пайдасыз келишим түзүү (339-берене);
  • мыйзамсыз баюу (340-берене);
  • кызмат адамынын ишкердикке катышуусу (341-берене);
  • пара алуу (342-берене);
  • опузалап пара талап кылуу (343-берене);
  • пара алууда ортомчулук кылуу (344-берене);
  • пара берүү (345-берене);
  • кызматтык жасалмалоо (346-берене);
  • паспортту мыйзамсыз берүү (347-берене);
  • шалаакылык (348-берене).

Последние новости