www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"МАНАС" ЖӨНҮНДӨ

"Манас" кыргыз элин эл кылып, журт кылып уютуп турган улуу рух, кудуреттүү күч, сырдуу касиет. Мына ушул ыйык дөөлөттү же "Манасты" элибиздин акыл-эсинен "тазалап" жок кылган күнү кыргыз эл катары Жер үстүнөн жок болору турган иш. Буга сиз ишенбесеңиз, мен ишенем. "Жок болот" дегеним, кыргызды кыргыз кылып келаткан чыныгы кыргыздар "жок кылынары" менен улуу жерде улуу Айтматов айтып кеткен "маңкурттар" же аныгын айтканда, жалаң кыргыз болгусу келбегендер гана калат. Андайларга улуттун, эне тилдин, жер-суунун, ата-бабалардын, "Манастын" кышындай да кереги жок.

Атам замандан бери эле кыргыздын жан дүйнөсүнөн "Манасты" жок кылыш үчүн ар кайсы доордо ар кандай айла-амалдарды колдонуп келишкен экен.

ЖУНГАР ДООРУНДА

"Жунгарлар эл ичинен манасчыларды териштирип издеп таап, эскертип, эгер "Манас" айтканын токтотпосо аттын куйругуна байлап өлтүрүшкөн же болбосо "Экинчи "Манас" айтпайм!" дегизип, касам ичтиртип, ант алышкан. Кыргыздар арасында "Манас" айтууга катуу тыюу салышкан" (Ч. Айтматовдун Тенти Орокчиевге берген радиомаегинде).

СОВЕТ ДООРУНДА

"Манас" деген элге жат, реакциячыл эпос, жок кылыш керек, мектептер менен Жогорку окуу жайларында окутпаш керек деп чыгышкан. Кыргыздын эле өзүнөн чыккан адабиятчы илимпозун деген Самаганов, Нуров, Балтин дегендер: "Зыяндуу чыгарманы окутуп жатышат, манасчылар эл аралап "Манас" айтып жүрүшөт" деп--Москвага арызданышкан. Бир кездеги жунгарлар сыяктуу эле "Манас" эпосун окутууга, айтууга, китеп кылып басып чыгарууга тыюу салдырган.

Акыры "Манас" кыргызга кайрадан "тирилип" келди. Жогорудагы "балтиниттер" элден чыгып, жек көрүндү болуп жүрүп өзүлөрү жок болушту. Булардын аттары эскерилсе кыргызды жок кылгысы келген өз элинен "саткыларды" катары гана эскерилип калды.

ЭГЕМЕНДИК ДООРУНДА

Кыргыздын көрө албастары же сөөк өчтү душмандары, баягыл жунгарлар менен совет доору ишке ашыралбай калган арам иштерин кайрадан башташты. Алар бузукулугун ислам динин жамынуу аркылуу ишке ашыруу амалына өткөнүн, кыргыздар "Манасын" Кудай менен таңата көрүшөт деп күнөөгө жыгууну көздөшөрүн, чын-чынына келгенде "Манас" Кудай элестигин, минтип карама-карышы коюу элди бузуп-жарып, ынтымагын ыдыратарын кыргыздын жүрөгүндөгү Кудайды "Манас" да алып таштай албастыгын, бирок ошол эле учурда кыргыздын жүрөгундөгү "Манасты" алып таштаса эл кубат-күчүнөн ажырап, жүрөгүндөгү ыйык туусу кудай турганын билгенибиз оң. Демек туубуз кулары менен Манастын да руху өчөт, куту кетет, касиети качат. Муну менен кыргыз да жок болот. Анткени кылымдар бою кыргызды кыргыз кылып АЛла Таала жараткан "Манас" сактап келгендигин эч ким танууга акысы жок.

ОШОНДУКТАН, КАГЫЛАЙЫН ЭЛ-ЖУРТ!

Кыргыз экендигиң чын болсо "Манасыңды" таанып ал? Сени жок кылыш үчүн сенин душмандарың атам-замандан бери эле "Манасты" жок кыла албай келатканын түшүн! Биздеги залкар адамдардын баары бийик даражага "Манас" аркылуу келгенин унутпа! Ч. Айтматов да Сагымбай менен Саякбайдын рухун ээрчип" жүрүп дүйнөлүк атак-даңкка "Манас" аркылуу жеткен.

Улуу Чыңгыз агабыз "Манастын" чыгарма катары укмуштай тагдыры барын, ал ар дайым эле гүлдөгөн аш-тойлордун үстүндө айтылып жүрчү нерсе эмес экенин, анын адам баласынын акыл-эсин айран кылган керемети канчалык болсо, кайгы-муңу менен азап-тозогу да ошончолук болгонун, дегеле азап-тозогу жок нерсе морт болорун көпкө чыдабасын, чыгарма да, аны жараткан автор да сөзсүз турмуштун азап-тозогунан өтүшү керектигин бекеринен айтпаган чыгаар...

Шайлообек Дүйшеев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости