www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев Кыргызстандын Германиядагя элчиси Өмүрбек Текебаевди шылуундукка айыптады. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-январда парламенттин жыйынында айтты.
Депутат Германиядагы элчиликтин ишин карап чыгуу керектигин билдирди.
«Германиядагы элчиликтин кызматкерлери, балким, элчи баш болуп коррупцияга киришип жатат. 15-ноябрда Германиянын жараны элчиликке виза алуу үчүн кайрылат. Бирок негедир визасын бербейт. Айласы жок болгондон кийин кайра 15-январда экинчи жолу (виза алууга — ред.) акча төлөөгө мажбур болот. Бул ачык эле опузалоо болуп жатат. Элчи Текебаев «Ата Мекенде» жүргөндө шылуундук иштерди кылып жүрдү эле. Кайра ошол жакка кирип кетти деп ойлоп жатам. Себеби визанын акчасын эки жолу 50 евродон төлөттүрүшкөн. Прейскурант боюнча 50 доллардан төлөш керек. Ушул жагынан да көбүрөөк акча алып жатат. Кайра визасын бербей жатты. Тышкы иштер министрлиги кайрылгандан кийин визасын берди», — деди ал.
Депутат буга чейин ушуга окшош бир факт болгонун айтты.