www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Бакировдун тарапташтары бийликтен анын депутаттык мандатын сактап калууну суранышууда.

Депутаттын тарапташтары депутаттын кичи мекениТөө-Моюн айылына чогулушту. Алар Бакиров Өзбекстан менен түзүлгөн келишимден улам кысымга алынган деп эсептешет. Тургундар бийликтен жана соттон акыйкат чечим чыгарып, Бакировдун мандатын сактап калуусун суранышууда.

«Биз Өмүрбек Бакировду депутаттык мандаттан ажыратуу аракетине нааразычылык билдирүү үчүн чогулганбыз. Төө-Моюн айылынын тургундары Садыр Жапаровду ар дайым колдоп, анын ичинде Өзбекстан менен чек ара боюнча келишим боюнча маселеде колдоо көрсөтүп келишкен. Өмүрбек Бакиров, эл менен баарлашып, ратификациялоону колдоону өтүндү. Элден бир кезде келишимдин шарттары боюнча Өзбекстан курууга тийиш болгон каналды куруу маселесин чечип берүү өтүнүчү менен кайрылды. Элдин бул өтүнүчүн бийликке жеткирүүгө аракет кылып, Өмүрбек Бакировго ушундай кысым жасалды деп эсептейбиз. Ошондуктан Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич, соттор Өмүрбек Бакировдун мандат маселесин адилеттүү карап чыгышын сиздерден суранабыз. Ал өз күчү жана аракети менен элдин добушун алган депутаттардын бири. Анын мандатын калтыргыла», - дешти тургундар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости