www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
14-декабрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Ташкент шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын туризм жана маданий мурастар министринин орун басары Бахтиер Ибрагимов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн туризм жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу баарлашып, эки тараптуу кызматташуунун ийгиликтери тууралуу сүйлөштү.
Өз кезегинде Чыңгыз Эсенгул уулу өлкө аймагына көптөгөн туристтердин агымын тарып келе турган Бүткүл дүйнөлүк ЮНВТО туристтик уюмунун Башкы ассамблеянын 25-сессиясы 2023-жылы Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турганын, масштабдуу иш-чараны өткөрүүдө Кыргызстан тарап колдой турганын билдирип, мындай мүмкүнчүлүк өлкөнүн туристтик потенциалын көрсөтүүгө жана жаңы деңгээлге чыгууга шарт түзөт деп белгиледи.
Ошондой эле, Кыргызстан тарап Өзбекстанда туризм тармагы боюнча гранттык негизде билим алып жаткан кыргыз студенттеринин түзүлгөн шарт үчүн Өзбекстан Республикасынын Туризм жана маданий мурастар министрлигине ыраазычылык билдирди.
Мындан сырткары, Чыңгыз Эсенгул уулу Кыргызстандагы «жашыл туризмдин» ролу жана ордун белгилеп, Өзбекстан тарапка туризм тармагындагы аянттарды түзүүдө жана бул тармакта эксперттерди тартууга көмөк көрсөтүп жаткандыгын айтып, кийинки жылы Өзбекстанда бир катар иш-чаралар «жашыл туризмди» өнүктүрүүгө багыттала турганын билгиледи.
Жолугушуу учурунда ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Туризм жана маданий мурастар министрлиги эки тарапка жемиштүү боло турган Туристтик пакет иштеп чыгууну талкуулашып, дүйнөлүк тажрыйбада өлкөнүн имиджин эл аралык аренага алып чыгуу үчүн эң жакшы кадам деп баалашты. Мындай концептуалдык кадамдарды ишке ашыруу үчүн, мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдар тыгыз биргеликте иш алып барууну макулдашты.
Жолугушуунун аягында Чыңгыз Эсенгул уулу 2023-жылы кыргыз туроператорлору Өзбекстанда «Роудшоу» өткөрө тургандыгы маалымдап, Кыргызстандагы ири туристтик операторлор жана тур сектордун өкүлдөрү келүүсү боюнча иштер жүрүп жаткандыгы айтылып, Өзбекстан тараптан колдоо тапты.
Ал эми Бахтиер Ибрагимов кыргыз-өзбек биргелешкен «Туристтик пакетти» иштеп чыгууну жолдоорун жана бул боюнча маселени колго аларын, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында Өзбекстандын туристтик потенциалын даңазалаган презентация өтөрүн белгиледи.
Булак: NazarNews.kg