www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элчи Өмүрбек Текебаевдин денеси бийликте, жүрөгү түрмөдө...

Табиятынан бийликке сын көз менен караган Өмүрбек Текебаев Германияда элчи катары иштеп атса да, Кыргызстандагы саясый кырдаалга анализ жасап, баа берүүнү адатка айландырып алган.

Өзгөчө сыноого кабылган тарапташтарына боору ооруп, ичтен сызып, кызматтын айынан айласыздан эле унчукпай турат. Бирок маалыматтык ресурстары, “атамекенчилер” камактагы саясатчы, активисттерди колдоого алышып, ар дайым соттук процесстерге келишип, активдүү иштеп атышкан кездери.

Албетте, мындай көрүнүш Өмүрбек Чиркешовичтин каалоосу, буйругу менен жүзөгө ашууда. Бул бир чети адамгерчилик, кыйбастык, саясый тилектештерине карата жасалган камкордук. Ошондо элчинин жүрөгү түрмөдө жаткандарда, денеси бийликте экени талашсыз чындыкка айланып калды.

Жөнөкөй адам мындай ыкмада жүрүш сала албайт, анүчүн Өмүрбек Текебаев болуш керек. Бир эсе жараткандын жалгоосу менен келечекке карай кам көрүү... 

Булак: Азия News гезити 

Последние новости