www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-март күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Надира Нарматова Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиевге: "Майыптыгы бар жарандарды жыл сайын медициналык кароодон өткөрө бербей, бир жолу кароодон өткөндөн кийин пенсия бере тургандай кылып койсоңор болбойбу", - деп суроо берди.

Депутаттын суроосуна Алиев “1-топтогу майыптыгы бар жарандар жылда медициналык кароодон өтпөйт. Бирок, 2-3-топтогулар комиссиядан өтүп туруусу керек. Бул чечимди медициналык кароо уюмдары чыгарышкан” – деп жооп берди.

Белгилей кетсек, майыптуулугу бар жарандар ар жыл сайын медициналык кароодон өтүү үчүн акча беришкенин айтып келишет. Айрымдары 2-группадан 1-группага же биротоло пенсияга чыгуу үчүн сөзсүз акча берерин, антпесе алып жаткан акчасынан куру калышы мүмкүн экенин  ачык айтпаса да, тар чөйрөдө сөз кылып келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости