www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Үч дос» бийликке келгени Бабанов, Абулгазиев, Сарпашев, Жумалиев, Чолпонбаев, Сегизбаев сыяктуу алкы- бузуктар өз жазаларын алганы күтүп турушкан. Угушубузча Сегизбаевден башкалары сайгак салган торпоктой даң салып жүрүшөт. Акыркы мезгилдерде эл мүлкүнө колдорун батырып жиберишкен Жапыкеев, Аспеков сыяктуулардан Аспеков эле азап чегип жаткандай. 2020-жылы да эсти оодарган парламентке шайлоо болгон. Ал кездеги депутат Рыскелди Момбековдун колун бекем кармап Сурабалдиева Текебаевдин «Ата-Мекен» партиясы менен депутаттыка аттанган. Бул жолу Момбеков менен атаандашып жарышка чыкты. Момбековдун диплому жалган экен деп БШК жарышка салбай койду эле Сурабалдиева биринчи келди.

 Мезгил тез эле барын кынаптап, бир калыпка салып койот. 2020-жылдын октябрында болгон тополоңдун Башкы «кошелогу», эми кайрадан депутат болгон  Элвира Сурабалдиева өзү эңсеп келген вице-премьерлик кызматынан жыдыган, ал эми дагы бир «капчык» Бабанов болсо, бийлик тарапка өтө качып, президент менен жолугушун «түбөлүк» унчукпаска айланган. Болбосо, 9-октябрда абиси Атамбаевге таянып, «үч достун» акесин Үч-Коргондон таанытмак. Күч органдары тарабынан колдоо көрсөткөн Көтани көктү карап, бийликтин сөзүн сүйлөп сайга салып кетти.

Булардын бири да камалып жаткан Садыр Жапаровду мамлекет башына алып келебиз деп ойлошкон эмес. Эми эле бийликке жагынуу максатында Жапаров үчүн күрөшкөнбүз деп айтпаса. Арийне, камалып жаткан Алмазбек Шаршенович менен анын жан-жөкөрлөрү Сапар Исаков, Албек Ибраимов, Жантөрө Сатыбалдиев сыяктууларды бийликке жетелеп келүүнү көздөшкөндөрү билинип турат. Балким кутум болгондур, ушул акыркы үчөө тең тополоңдон пайдаланып түрмөдөн жылт коюшкан. Азырынча аларды издеген деле киши жок. Ошол апаат күндөрү бийликти алмаштыргандар мыйзамсыз мамлекеттик ар кайсы  бийликти басып ала баштаган. Бекер жерден жаңы Конституцияга «бийликти күч колдонуп басып алууга жол берилбейт» деген норма киргизилген жок. Текебаевдик Конституциянын 5-беренесинин экинчи абзацында «Элдин эч бир бөлүгү, бир да бирикме, бир да адам мамлекетте бийликти өзүнө ыйгарып алууга укуксуз. Мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелет» деп жазылган. Бирок аны тополоңчулар туалетте керектеле турган кагаздай да көргөн жок. Баса, Текебаевдин «Ата-Мекенчилери» тополоңдо  башкы көзүр болушкан.

Ал эми жаңы Конституциянын 6-беренесинин экинчи абзацында «Кыргыз Республикасында эч ким бийликти ээлеп ала албайт. Мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелет» деп белгиленип, алдына дагы бир норма кошулган. Ал «Мамлекеттик бийликти күч колдонуп басып алууга же күч колдонуп мыйзамсыз кармап турууга, мамлекеттик органдардын же алардын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын ыйгарып алууга багытталган аракеттерге жол берилбейт» деп көрсөтүлгөн.

2005-жылдын 24-мартындагы «жоогазын революциясынын» демөөрчүлөрү «Кара-Суу» базарынын ээси Баяман Эркинбаев менен Рысбек Акматбаевдер болгону белгилүү. Казак оппозиционери Мухтар Аблязов кыргыз жеринде бийлик алмаштыруу үчүн 30 миллион доллар бергем деп айтканы бар. Ошол күнү президент Аскар Акаевди колдоп «көк шапкечендер» Ак үйдүн тегерегинде пайда болгон. Булардын «кошелогу» парламент депутаты чүйлүк олигарх «Кудайберген» базарынын ээси Жыргалбек Сурабалдиев болгон. Жыргалбек Сурабалдиевдин «көк шапкечендери» президент Акаевди калкалашып, анын бийлигине нааразы болгон митингчилерден жанталаша коргоп, ал эми Акаев Орусияны көздөй сызып кеткен соң, түнкүсүн өз борборубуз Бишкек шаарына мародерчулук кылып, талап-тоноогонго көмөкчү болушкан.

Трайбализмдин нурун Кыргызстанга чачыраткан Акаев бийликке бир гана кайын - журту таластыктар менен жердеши кеминдиктерди ала турган. Анын бийлигинин аягында Жалал-Абадда эмне үчүн эл бийликке каршы чыгып жатат, түшүнгөн да жок. Ошол кездеги Коопсуздук катчысы кеминдик Болот Жанузаков биз баш көтөргөндөрдү жанчабыз деп, ал эмес Ак үйдүн бир бөлмөсүнө элге каршы ок-дары, куралдарды толтурган. Муну 2005-жылы 23-мартта ИИМ министри болуп: «Эми көрсөтөм» деп кекенип турган кеминдик Кеңешбек Дүйшөбаев менен Акаевдин пресс-катчысы кеминдик Абдил Сегизбаевдер гана билген. Ок-дары, куралдар элге каршы атылмак, бирок тагдыр элге жылуу жүзүн көрсөттү. Бийликке жагынып элди ок- дары, куралдар менен тосуп алгысы келгендер элдин колуна түшүп калды. Абдил Сегизбаевге эл биртке ыдык көрсөтүп, токтотуп, кайсы жерде ок-дары, куралдар сакталып турганын билишкен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин үстүнөн беш кылмыш иши тергелип жатат, алтынчы да иш бар. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев какшап жатат. Анын маалыматына ылайык, бул иштердин баарына тергөө баа берет. Эч кандай саясий куугунтук менен камап алып, тергеп жаткан жерибиз жок. «Белизгейт» боюнча ошол убакта саясатчылар кордолгонун билесиздер да. Индира Жолдубаеваны да суракка чакырып, сурап жатышат. Күнөөсү болсо эч ким жооп бербей калбашы керек. Ал эми күнөөсү жок болсо саясий ураан менен жоопко тартпашыбыз керек деп жатышат прокуратура тарап.

Атамбаев бийликке келери менен Абдил Сегизбаевдин келечегине жашыл жарык күйдү.Теңизбай менен Сегизбайдын бир туугандыгы, экс-президентке жакын кайни болору, аны тез эле ишенимдүү адамга айланткан. Бийликтеги болгон жылуу-жумшак «креслолор» Абдил Сегизбаевдин жеке менчигиндей сезилип, аягында УКМКны тейлөө бекер берилмек эмес. Көптөгөн күнөөсүз адамдарга ар кандай документ жасап, ар кандай жол менен камап, жездесине жагыш анын биринчи милдети болгон.

Абдил Сегизбаевдин УКМКнын жетекчиси болуп туруп, УКМКда катталбаган (фальшивый) кагазды оперативдүү маалымат деп жездекесине көрсөтүп, Илим Карыпбеков жетекчи болуп турган КТРКдан байма- бай чыгартып, мамлекеттин эң жогорку бийлик бутагы болгон ЖКнын фракция жетекчиси Өмүрбек Текебаевге жалган жалаа жабышы өтө олуттуу, мыйзамсыз жүрүш болгон. Акыркы кезде муну изилдегендер Белизден келген документтер жок экенин иликтеп чыгышты. Абдил Сегизбаев ал кезде бир гана Текебаевге эмес, көптөгөн саясатчыларга ар кандай «клеймолорду» илип, эми калпы чыгып отурат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости