www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон кыска мөөнөттүү иш сапарынын алкагында Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан “Торговый” базарына барды.

Мамлекет башчысына базардын учурдагы абалы жана соода шарттары тууралуу маалымат берилди. Андан соң президент сатуучулар жана жергиликтүү тургундар менен баарлашып, алардын сунуш-пикирлерин укту.

Маалым болгондой, 4 гектар аянтты ээлеген бул базар чек арага жакын аймактагы маанилүү соода түйүндөрүнүн бири болуп саналат. Негизги соода күнү шаршембиге туура келип, бул убакта 400гө жакын соодагер келет. Ал эми автоунаа жолунун боюнда туруктуу негизде 50гө жакын соода түйүнү иш алып барат.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысынын Баткен облусуна болгон бул сапары биринчи кезекте мамлекеттик чек араны демаркациялоо маселелери менен жеринен таанышуу зарылдыгына байланыштуу болду. Президенттин аймак тургундары менен кеңири форматтагы жолугушуулары анын облуска боло турган кийинки иш сапарынын алкагында өткөрүлөрү пландалууда.

Последние новости