www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте 6-майда Увам каналынын корук аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды көрүп чыкты. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө каналдын корук тилкесинде өз алдынча, уруксатсыз курулуш иштерин жүргүзгөн учурлар аныкталды. Шаар башчысы мыйзамсыз тургузулган объектилерди толугу менен алып салуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.

Бузулуп жаткан имараттар шаардын мурдагы вице-мэри Нурбек Кадыровго жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон маркум Алмамбет Анапияевдин бир тууганы Калмамат Анапияевге таандык экенин Азаттык жазды. 

Мэр Акаев ишкерлерди жана жарандарды шаар аймагында мыйзам талаптарын так сактоого чакырып, уруксатсыз курулуш иштерине жол бербөөнү эскертти.

Аталган жайларда мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери буга чейин дагы жүргүзүлгөн. Бирок айрым жарандар өз билемдик менен кайрадан курулуштарды тургузуп алгандыгы аныкталды. Учурда тиешелүү кызматтар мыйзамсыз объектилерди кайрадан демонтаждоо иштерин жүргүзүп жатат.

Ош шаарынын борбордук көчөлөрдөгү “кызыл сызыкка чыгып кеткен" курулуштарды буздуруу иштери былтыр, мурдагы мэр Жеңишбек Токторабевдин тушунда башталган. Мэрия шаарды аралап өткөн каналдарды айрымдар тосуп алганын, Ак-Буура дарыясын ээлеп алгандардын арасында чиновниктер бар экенин билдирген. Алардын арасында Нурбек Кадыровдун дагы аты аталган.

Последние новости