www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кичи жана Улуу Памирдин аймагын мекендеген  бир боорлорубуз Кыргызстанга келебиз десе алып келиш керек. Бирок...". Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышев Nazar News маалымат агенттигине билдирди.

-Руслан Шергазиевич, 2024-жылга чейин Кичи жана Улуу Памирдин аймагында жашаган 400 үй-бүлөнү Ооганстандан алып келүү пландалууда. Айрымдар муну жакшы жөрөлгө катары колдосо, кээ бирөөлөр чекилик катары сыпатташууда. Бул маселе боюнча сиз кандай пикирдесиз?

-"Эгерде Кичи жана Улуу Памирдин аймагын мекендеген бир боорлорубуз Кыргызстанга келебиз десе алып келиш керек. Бирок, аларды алып келээрден мурун алар кайда жашайт, эмне иш менен алек болот? Аларга толук шарт түзүп бере алабызбы, балдарын мектепке киргизе алабызбы деген маселелерди толук чечип алышыбыз керек. Келгенде көңүл бурулбай кароосуз калбашы керек. Анткени, журт которгон да оор. Кичи жана Улуу Памирдин аймагын мекендеген  бир боорлорубузду чындап алып келе турган болсок, Кыргызстандын шартына көнүп кетишине, шарт түзүшүбүз керек. Мына ушул нерселердин баарына көзүбүз жетсе, алып келсек болот деген ойдомун", - деген пикирин билдирди эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости