www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасынын жардамы менен айылдарды кыдырып, жарандар менен жолугушуп, арыз-даттануулар болсо жеринен кабыл алып, юридикалык кеңештерди берүү боюнча алгылыктуу иштерди аткарууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 18-июль күнү Чүй районунун аймагында жапайы өскөн кара курайлды жок кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп, натыйжада райондун аймагында жапайы өскөн кара курай өрттөлүп, жок кылынды.
Жергиликтүү тургундарга дагы баңгизаттардын зыяндуулугу, аны сактоо, даярдоо жана сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертишти.
Ошондой эле, Чүй РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Кегети, Шамшы жайлоолоруна жана “Гавайи” эс алуу борборуна келген коноктор жана туристтер менен жолугушууларды уюштурушуп, алардын ар кандай түшүнбөгөн суроолоруна жооп беришип, коопсуздук боюнча кеңештерди беришти.
Милиция кызматкерлери өспүрүмдөрдүн сууга түшүүсүнө тыюу салынган көлмөлөргө, дарыяларга, каналдарга, агын сууларга «Сууга түшүүгө болбойт!» деген эскертүү такталарын орнотушуп, өспүрүмдөргө коопсуздук чаралары боюнча айтып беришти.
Ал эми, Кошой, Султан, Ленин-Жол жана Талды-Булак айылдарынын жашоочулары менен жолугушууда үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепеттери жана аларды алдын алуу, ККМ аппаратын соода-сатык түйүндөрүнө колдонуу боюнча маалыматтар берилип, жаралган суроолорго так жооптор берилди.
Ошондой эле милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы боюнча маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында, үйлөнүү-үлпөт тойлорунда, дааталуу маареке майрамдарын майрамдоодо ысырапкерчиликти болтурбоо боюнча маселелерди көтөрүп, элди куру намыска алдырбоого үндөштү.
Булак: NazarNews.kg