www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун Кочкор районунда күйөөсү аялын бычактаган окуя боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 17-июль күнү саат 06:00 чамасында Кочкор районунун Кочкор айылынын 1989-жылы туулган Ш.Ж аттуу тургуну менен 1979-жылы туулган Э.Р. аттуу жолдошу экөө үйүнөн өз ара уруша кетип, Э.Р аялына ашкана бычагы менен кол салган. Натыйжада Ш.Ж денесинен жаракат алып, Кочкор райондук жалпы дарыгердик практика борборунун кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Ал эми Э.Рны издеп табуу максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, 17-июль күнү анын денеси Кочкор районунун Токой чарбасына тиешелүү бакчасынан асынган абалда табылган. Өлүккө сыртынан кароо жүргүзүүдө күч колдонулган белгилери жок болгон. Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Буга чейин Кочкор районунун тургуну аялын бычактап, андан кийин өзү асынып алганы тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирген.
Булак: NazarNews.kg