www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент казино боюнча мыйзамга кол койбошу керек. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев  парламенттин жыйынында билдирди.

Кечээ, 22-июнда казинолорду мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоору 3-окууда кабыл алынды.

Депутат Исхак Масалиев президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

"Мен сунуш катары айтып жатам, сиз президентке мыйзам кынтыксыз кабыл алынган жок жана ага кол коюунун кереги жок деп алып келесиз. Ал тарыхта калат. Жогорку Кеңештин тарыхында биринчи жолу юридикалык бөлүмдүн башчысы Конституцияны чечмелеп, бизге түшүндүрүп жатат", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости