www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңеште капиталга мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Талкууда депутат Шайлообек Атазов Сапар Исаковдун маселесин көтөрдү.

"Кыргызстанды тоноп кеткен мурдагы министрлер, премьер-министрлер бар. Азыр Москвада жашашат, алар салык төлөп чоң ресторандарды ачып жатышат. Борбор шаарларды тоноп кеткен мэрлер да бар. Бул мыйзам долбоордун аларга тиешеси барбы?" — деп сурады ал кабинеттин мүчөлөрүнөн.

Бул боюнча экономика министри Данияр Амангелдиев мунапыс айрым топторду кошпогондо, бардыгы пайдалана алаарын айтты.

"Бул жалпы мунапыс, анда терроризм, кылмыштуулук сыяктуу айрым категориялар үчүн гана чектөөлөр бар. Башка учурларда бул мунапыс баарына тиешелүү", - деп түшүндүрдү Амангелдиев.

"Сапар Исаков Москвада ресторан куруп жатат, анын тагдыры эмне болот?" — деп сурады Атазов.

"Соттун чечими бар. Ал эми укук коргоо органдары бул жигитке бир күндө жетет", - деп жооп берди ал.

Эске салсак, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкектеги тарыхый музейди реконструкциялоодо жана Чолпон-Атадагы ипподромду курууда каржылык мыйзам бузуулар боюнча айыпталып, ага 18 жылга эркинен ажыратылып, 247 миллион сом айып салынган. Ошондой эле, ТЭЦти модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча сот аны үй-мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыраткан.

Ал эми, октябрь окуясында Сапар Исаков дагы камактагы саясатчылар менен бирге эркиндикке чыгып, өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда ал эл аралык издөөдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости