www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыштын орус экономикасына каршы аракеттери ийгиликтүү болгон жок. Бул тууралуу америкалык The New York Times гезити жазды. Материалда энергиянын кымбаттыгынын аркасында Орусия Украинада атайын операция башталганга чейин төрт айдан ашык киреше тапканы баса белгиленет.

Мындан тышкары, рублдин долларга карата катнашы да бир топ өстү. Андыктан, басылма Орусияга каршы санкциялар ишке ашпай калганын жарыялады. "Кытай менен Индия орус мунайынын дээрлик батыш өлкөлөрү менен бирдей көлөмдө сатып алууда", - деп белгилейт NYT басылмасы.

Чектөөлөр киргизилгенден кийин Кытайдын импорту 28 пайызга өстү, бул Орусияга мунай жеткирүү боюнча Сауд Аравияны басып өткөнгө жардам берди. Индия ошондой эле орусиялык углеводороддорду сатып алууну көбөйттү. Демек, азыр орус экономикасы пандемияга чейинки деңгээлге кайтууга аз калды.

Белгилей кетсек, буга чейин Мамлекеттик департамент Орусияга кысым көрсөтүүнү улантуу планын жарыялаган. Агенттиктин басма сөз катчысы Нед Прайс өлкөгө каршы чектөөлөр Украинадагы атайын операция аяктаганга чейин күчүндө кала берерин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости