www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат: Казино боюнча кабыл алынган чечим мыйзамсыз

Казино боюнча кабыл алган мыйзам аябай шек туудурат. Мындай пикирин бүгүн, 23-июнда депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Мыйзамдарды талкуулоо, чечмелөө жалгыз Жогорку Кеңештин укугу. Башка эч ким укуктуу эмес. Ал эми, Конституцияны чечмелөө Конституциялык соттун укугу. Кечээ 87-беренени юрист чечмелеп койду. Ал Конституциянын беренесин чечмелеп койду. Ошонун негизинде казино боюнча мыйзам долбоорун кабыл алып койдук. Ал кабыл алган мыйзамыбыз аябай катуу шек туудурат. Тарыхта мындай болгон эмес. Болушу да мүмкүн эмес. Себеби Конституцияда так жазылып турат, ким чечмелеп бере алаары. Мен келечектеги урпактар үчүн, тарыхтагы жарык жүзүбүз үчүн дагы бир жолу айтам. Кечээки кумаркана боюнча кабыл алган чечимиңер мыйзамсыз", - деди депутат Маумаров.

Ал эми вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев ал чечимди бир гана киши чечкен жок деп баса белгиледи.

"Биз коллективдүү орган болгон соң баарыбыз чечтик. Ар ким өз добушу үчүн жооп берет. Ал эми юристтин айтканы боюнча, аны төрага (Талант Мамытов) окуп берүүсүн суранды. Төрага өзү да эки эмес, он жолу окуп берди. Регламентте жазылып турат. Кандай добуш берилгени. Каршы же макул деп эле бересиз, болду. А сиз болсо бул жакта өзүңүздүн фракцияңыз менен "саботаж" кылып отурасыз", - деп жооп берди вице-спикер.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду.

Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, айрым депутаттар добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт кошту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости