www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн дем алыш күнү Түркиянын Гёреле районунда кыргызстандык Керемет Н. аттуу келин өлтүрүлгөн. Бул тууралуу түрк ЖМКлары жазып чыкты.

Полициянын маалыматы боюнча, каза болгон келиндин сөөгү 7 чакырым алыстыкта жайгашкан башка аймактан жолдун четинен табылган. Маркумдун башына жана далысына ок тийген.

Белгиленгендей, маркум Түркиянын жараны менен жарандык никеде жашап келген. Келиндин үч баласы болгон.

Жарандык жолдошу келинди кызганычтан өлтүргөндүгүн, аялы анын көзүнө чөп салгандыгын билдирген.

Маркумдун сөөгү экспертизадан өткөн соң, мекенине жөнөтүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости