www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Орусиянын мунай заводуна сокку урулду

22-июнда Орусиянын Украина менен чектеш Ростов облусундагы Новошахтинск шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдо өрт чыкты. Бул тууралуу маалыматты Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ырастап, анын себептери иликтенип жатканын кабарлады.

Ушуга тушташ эле Baza Телеграм-каналы аталган заводго учкучсуз учак келип тийген видеону жарыялады. Анда өзү учуучу чакан аппарат заводго урунгандан кийин жарылуу болгону көрүнүп турат.

Тиешелүү органдар өрт өчүрүлгөнүн маалымдады. Курмандыктар тууралуу айтылган жок.

Москва Украинага кол салгандан бери Орусиянын чек аралаш бир нече облустарында жарылуулар, аткылоолор болгонун билдирип, Киевди айыптап келет. Мунун ичинде темир жол линиялары, көпүрөлөр, мунай базалары, үйлөр жана башка объектилер өрттөнгөн. Бир күн мурда эле Орусия аннексиялап алган Крымда мунай бургулоочу платформаларда өрт чыккан.

Украина бул чабуулдарды расмий түрдө ырастабай келет. Соңку аткылоолор боюнча да Киев үн каткан жок.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинанын Донбасс аймагындагы жикчил түзүмдөрдү коргоо тууралуу билдирүүсүнөн кийин 24-февралда орус аскерлери Украинага басып кирген. Дээрлик үч айдан берки согуштан эки тараптан тең миңдеген адам өлдү. 7,5 миллиондон ашык украиналык өз өлкөсүн таштап чыгып кетти. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости