www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир ай мурда Хорогго бараткан жолдо дайынсыз жоголгон Тажикстан Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Атайын багыттагы милиция күчтөрүнүн (ОМОН) айдоочусу Сангали Камоловдун денеси табылып, жерге берилди. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Маркумдун агасы Шухрат Камоловдун айтымында, инисинин денеси 12-июнда Пянж дарыясынын Ооганстан менен чек арага жакын жердеги жээгинде табылган.

Буга чейин Камоловдун жакындары ал 20-майда ОМОНдун кызматкерлери менен чогуу Тоолуу Бадахшан автоном облусуна кеткенин, бирок "орто жолдо дайынсыз жоголгонун" билдиришкен. Алардын айтымында, Сангали ИИМге айдоочу болуп бир жыл мурда жумушка орношкон.

23-майда "Озоди" радиосу Хорогдун укук коргоо органдарына жакын булагына шилтеме кылып, "Рушан районуна жакын жерде ОМОНдун жети жоокери дайынсыз жоголгонун" кабарлаган.

Тоолуу Бадахшандагы абал быйыл май айынын ортосунда курчуган. 14-майда Хорог шаарынын жүздөгөн тургуну митингге чыгып, Душанбе дайындаган автоном облустун башчысын жана мэрди кызматтан кетирүүнү, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Көп узабай тажик бийлиги аймакта "антитеррордук операция" баштаганын, анын жыйынтыгында "сегиз жоочу жок кылынып, дагы 11и жарадар болгонун" маалымдаган. Мындан тышкары 100дөн ашык киши кармалганы кабарланган. Жергиликтүү жашоочулар каза тапкандар мындан кыйла көп экенин айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости