www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Финляндияга кол салууну чечсе, өлкө армиясы аларга каршылык көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Финляндиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы, генерал Тимо Кивинен билдирди.
Анын айтымында, Финляндия ондогон жылдар бою учурда Украинада болуп жаткандагыдай согушка даярдыгын сактап келген. Кивинен өлкө НАТОго киргенден кийин да аймактык бүтүндүгүн сактоо үчүн негизги жоопкерчилик Финляндиянын өзүндө каларын белгиледи.
"Финляндия пландуу түрдө өзүнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттырып келет. Бүгүнкү күнгө карата өлкө 370 чакырым алыстыкка уча турган канаттуу ракеталарды алды. Ошондой эле жаңы төрт аскердик кемеге жана F-35 үлгүсүндөгү 64 согуштук учакка буйрутма берди. Мындан тышкары Финляндия 2 миңге чейин учкучсуз учактарды, абадан коргонуу каражаттарын сатып алууну жана Орусия менен чек арасына дубал курууну пландап жатат", – деди Кивинен.
Финляндия ХХ кылымдын 40-жылдарында Советтер Союзу менен эки жолу согушкан: 1939-1940-жылдары болгон "кышкы согушта" өлкө өз аймагынын бештен бир бөлүгүн жоготуп, бирок эгемендигин сактап калган. Экинчи жолу Финляндия менен Советтер Союзу Экинчи дүйнөлүк согуш маалында согушкан. Бул эки согуштун жыйынтыгында 100 миңге жакын финн аскери курман болгон.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Финляндия нейтралдуу өлкө болууну чечкен. Ошондон бери нейтралдуулукту сактап келген финн бийлиги быйыл февралда Орусия Украинага кол салгандин кийин НАТОго кирүү ниетин билдирген. Учурда Финляндияны Түндүк атлантикалык альянска кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Орусиянын өкүлдөрү Финляндиянын НАТОго кирүүгө болгон аракетин айыптап келишет.
Финляндия жыл сайын коргонууга улуттук бюджетинин 2%га жакынын бөлөт.
Булак: NazarNews.kg