www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо майыптыгы бар жарандар иштеп баштаса пенсиясы кыркылып калып жатканын билдирди.
"Майыптыгы бар адам Социалдык камсыздоо министрлигинен 6 845 сомдон пенсия алат. Бирок ал үйдө жата бербейин деп күзөтчү болуп же "Шородо" суусундук сатып иштесе "Түндүк" электрондук базасынан чыгып калып жатат да, пенсиясы кыркылып дароо 684 сомго түшүп калууда. Биз эми майыптардын ырыскысын жеп казынаны толтурабызбы?" — деп нааразы болду депутат.
Мындан улам Самыйкожо президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, ушул маселени карап чыгуу зарылчылыгын айтты.