www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Беларусияга ядролук куралын жайгаштыруусу дүйнө коомчулугунун үшүн алууда.

Россиянын Украинадагы атайын аскердик операциясынын узакка созулушунун себеби менен кесепети, орустардын Беларусияга  тактикалык ядролук куралын жайгаштыруусунун коркунучу жана Кытай лидеринин алгачкы сапарын Москвага жасагандыгынын себеби тууралуу белгилүү саясатчы, окумуштуу Каныбек Осмоналиев менен маектештик.

- Россия-Украина-НАТО тирешүүсү  бүгүнкү күндө кандай абалда? Анын залакасы дүйнөгө кандай таасир этиши мүмкүн?

- Орустар менен украиндердин  айгышкан согушу эмне үчүн ушундай бир мыкаачылык менен коштолуп жатат? Мына, Россиянын армиясынын Украина жергесинде уюштурган Атайын согуштук операциясына (АСО) бир жылдан ашуун убакыт болду. Былтыр, 24-февралда башталган бул кан күйгөн конфликт бүгүнкү күндө өзүнүн эң "кайнаган фазасына" жетип отурат! Канча өмүрлөр кыйылды, тагдырлар талкаланды. Миллиондогон карапайым калк илгертен байыр алган  жеринен козголуп, көчүп-конуп, Украина менен Россиянын ар кайсы жерлеринде тентип калышты. Европаны аралап качкандары канча.

 Ал турсун, Борбордук Азияга чейин жеткендери бар. Эми баарыбызга эле белгилүү болуп тургандай, Россия өзүнүн президенти жана башкы кол башчысы Владимир Путиндин жетекчилиги астында бир эле Украина эмес, НАТО блогуна киришкен өлкөлөр менен согушуп жатышат! Ошондуктан, бүгүнкү согуштук абал абдан курч мүнөзгө айланып, дүйнөлүк 3-согушту элестете баштады. Анын активдүү фазасы жакында башталганы калды деген түшүнүккө көздөрү жетип турган адамдардын үрөйлөрү учуп турган кез!

Чыгаан саясатчылар, күчтүү аналитиктер жана белгилүү окумуштуулар бир ооздон эле ушундай келечекти ачык айта башташты. Ошол АСОнун алкагында эки бир тууган славян элинин ортосунда кандай гана канабайрам кырылышуулар орун албады? Украинанын армиясы алгачкы ирет бир аз нес болгондой болсо, 2022-жылдын күзүнө ыктай орустар чукулунан басып алышкан шаар-кыштактарын кайрадан бошотуп алууга үлгүрүштү. Ал турсун Донбасстын өзүн кайрадан тартып алууга аз эле калды го?! Орустардын шаштысы бир топ эле кете башталганы байкалып турду. Анан Россия өздөрүнүн бай резервдерин кайрадан мобилизациялоого үлгүрүшүп, Херсон, Запорожье облустарынын аймактарынын дээрлик көпчүлүгүнө ээ болушту.

Анын дарамети менен Россия аталган аймактарга референдум өткөрө коюп, парламентинин токтомдору менен де-факто жогорудагы аймактарды Россиянын карамагына карай ыйгарып  жиберишти. Мындай ыкчам операция АКШ баштаган НАТО өлкөлөрүнүн куйкасын куруштуруп салды. Эми алар Украинага мурда берип келген согуштук жардамдарын миң эселеп күчөтө башташты. Эң өкүнүчтүүсү, Батыштын өкүмдарлары согуштук техникаларды жиберүү менен эле чектелбестен, кан ичкич болуп жан баккан, жалданма баш кесерлерди бүт дүйнө жүзүнөн тартышып, атайын согуштук корпустарды, ыкчам батальондорду түзө коюшуп, согушка күргүштөтө салып жиберишти.

 Адилеттүүлүк үчүн айта турган нерсе, мындай согуштук бирикмелерди орустар дагы тарта башташты. Натыйжада, Украинанын чыгыш аймактары эки тараптан тең заманбап куралдар менен жабдылган регулярдуу жана жалданма аскерлердин кыяматты элестеткен согуш очогуна айланды да калды! Акыркы учурда согуштук жактан стратегиялык мүнөзгө ээ болгон Артёмовск (украиндер бул шаарды Бахмут деп атай башташты) шаарынын аймагында айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатат. Мындай согуштук сценарийди көрүп туруп, бул каргыш тийген конфликттин жакында бүтө турганына көзүң да жетпейт! Ал турсун атомдук жана термоядролук куралдар колдонула баштабаса экен деген сөздөр күчөй баштады! Кудай анын бетин ары кылсын!!!

- Жакында Россия Беларусиянын аймагына тактикалык ядролук куралын жайгаштыруусу дүйнө коомчулугун дүрбөлөңгө салууда. Путин эмнеге мындай кадамга барды жана ага НАТО кандай жооп кайтарышы күтүлүүдө?

- Россия менен Беларустун лидерлери Владимир Путин менен Александр Лукашенконун үстүбүздөгү жылдын 25-мартындагы  өз ара макулдашууларына ылайык, орус тарап Беларустун аймагына өздөрүнүн тактикалык ядролук куралдарын жайгаштырмак болушту!  Путиндин билдирүүсү боюнча орустар белорустардын 10 самолётуна (негизинен СУ-27 жана СУ-30) тактикалык ядролук куралды орното турган жабдыктарды беришкен жана ошондой эле заряддарды ташып жеткирүүгө жөндөмү бар "Искендер" комплекстерин жайгаштыра башташкан.

Мындан сырткары, орус тарап 1-июлга чейин Беларустун аймагында тактикалык ядролук куралдарды сактай турган согуштук кампаларды куруп бүткөрүшөт жана  "Искендерлерди" башкара ала турган согуштук аскер экипаждарын окутуп даярдоону 3-апрелден баштамак болушту. Орустардын мындай чукул чараларга баруусунун өзгөчө себеби бар десек болот. Анткени, эсиңиздерде болсо, андан бир жума мурдараак Англиянын коргоо министри Украинага урандын жеңилдетилген зарядын камтыган снаряддарды жиберүүгө даяр экендигин расмий билдирген.

Ушундай эле коркунучтуу артиллериялык снаряддарды НАТОнун согушчандары  "Челленджер-2" танктарына дагы орнотуу аракеттерин көрө башташканы маалым. Урандын ушундай эле снаряддары орустарда дагы арбын экендигин эске алсак, анда дүйнөгө өтө зор коркунчту жарата турган согуштук эскалация эки тараптан тең көрүлө башталганы өкүндүрөт! Ар кандай чалгындоо уюмдарынын билдирүүлөрү боюнча, Россиянын тактикалык ядролук куралдарынын саны 2000ге жакын болуп, АКШга караганда 10 эсе көп экендиги айтылат.

Бирок, бул сандар өтө жашыруун экендигин эске алсак, бир өңчөй тыянак кылууга болбойт. Ошондой болгон күндө да, бейкүнөө эле жашаган дүйнө элдерине бул согушчандардын "кылыктары" чоң кайгыны жаратканы турат! Орустарга жооп кылып, ансыз деле араң турган НАТОнун "желтамандары" дагы кандай кадамдарга барышат? Бир Кудай өзү билет! Иши кылса, эки тарап тең катуу тирешип алышты! Россия-Украина-НАТОнун конфликтерин жөнгө сала турган БУУ болсо өзүнүн алсыздыгын көрсөтүп, ары-бери чебелектегенден башка "колунан коко тикен келбей", эки жүздүү саясат менен эле алек болуп  отурат!!!

- Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин үчүнчү мөөнөткө шайлангандан кийин алгачкы чет өлкөгө сапарын Россияга жасап, Москвада үч күн болду. Бул эки дүйнөлүк державанын ортосунда кандай сүйлөшүүлөр болуп, келишим, документтерге кол коюлду?

- Кытай лидеринин мындай кадамын (Россияга алгачкы сапары менен баруусу) АКШ, Батыш өлкөлөрү кандай кабыл алышты? Бул суроого жооп бериштен мурда  төмөнкүдөй фактыларга көңүлүңүздөрдү бургум келет. Жер шарынын жалпы калкынын санынын 89%ы НАТО согуштук блогуна кирбеген өлкөлөрдүн жараандары болуп эсептелишет экен. Акыркы 5 кылымда ошол Европа өлкөлөрү гана колониалдык саясатты жүргүзүп келишти. Анысы аз келгенсип СССР талкалангандан кийин АКШ дүйнө жүзүн өзү жалгыз каалагандай башкарып жатты. Муну саясатта Бир уюлдуу дүйнө (БУД)  деп аташкан. Азыр Россия, Кытай, Индия ж.б. мамлекеттер "Көп уюлдуу дүйнө" (КУД) доктринасын көтөрүп жатышат. Буга себеп катары Украина-Россия-НАТО кан күйгөн согушун атаса болот! Ошондуктан, Кытайдын лидери Си Цзиньпинь Кытайдын төрагалык кызматына үчүнчү жолу шайланаар замат биринчи мамлекеттик иш сапарын Россияга жасап отурат.

Төрага Синин Россияга жасаган расмий иш-сапары АКШ менен Батыштын кээ бир саясатчыларынын жүрөктөрүнүн үшүн алып койду десек жарашат. Анткени, АКШнын президенти Джо Байден баш болгон көпчүлүк батыш лидерлери Кытайдын бей тарап болуусун ишенимдүү божурап келишкен. Ал турсун, Кытай Россияны баскынчы катары кабыл алуусун таңуулашкан. Бирок, АКШнын Кытайга болгон кубулма саясаты белгилүү да. Алар, Кытайдын кекиртегине "томук сөөк" болуп туруп алган Тайвань маселесин козгоп, сепараттык аралга өзүнүн парламентинин төрайымын мыйзамсыз иш-сапар менен жөнөтө койгонун Кытай тарап кантип унутуп койсун?!

Анын үстүнө Кытайдын тээ атам замандан бери эле калыптанып калган чебер дипломатиясы дагы өзүнүн ролун ойноду. Алар Россиядан кандай пайдалуу өнөктөштүккө ээ болооруна көздөрү жетип калды. Ошондуктан, Төрага Си Цзиньпин Кремлге келгенде президент Путин менен өзгөчө жылуу маанайда сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алды. Эки тарап бир нече өз ара пайдалуу келишимдерге кол коюшту. Украина конфликти боюнча бири-бирине ыңгайлуу позицияларын ачык билдиришти. Айрыкча, бүгүнкү дүйнөдө КУД модели орун алып         бара жаткандыгын катуу белгилешти жана мындай конфигурациянын негизги кыймылдаткыч күчү жана оюнчусу так өздөрү болоорун жашырышкан жок!

Эгерде Батыштын Россияга колдонгон экономикалык санкциясы Кытай үчүн пайда гана болгондугун эске алсак, анда  эки өлкө бул жерден мамилелерин дагы катуу күчөтүш зарылчылыгы келип чыкканын баарыбыз эле түшүнүп турабыз! Азыр бүт дүйнө ошол КУД тутумуна биригүүнүн аракетин көрө баштагандай. Буга мисал катары, жакын арада  Түштүк Африка Республикасында өтө турган БРИКСтин саммити күбө! Россия Кытай менен эриш - аркак болуп, Батыштын курчоосунан акырындык менен бошонуп бара жаткандай!

Маектешкен Эмилбек Момунов

Eurasia Today

Последние новости