www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Министрлер кыргыз тили боюнча тесттен кантип өтүп жатышат? Тили сынган министрлерди көрүп жатабыз»,- деди депутат Мирлан Самыйкожо Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевге. 

«Таалуу жерден суроо берип жатасыз. Норма боюнча министр баш болуп кыргыз тесттен өтүшү керек. Өтүп жаткандары бар. Биз министрликтердин баардык аппараттарына жат жазуу жаздырдык. Жыйынтыгын бердик. Биз ойлогондой баары катастрофалык абалда эмес экен. Жакшы эле жазып жатышат»,— деди ал.

«Атасы жакшы киши эле деп өтүп кетпей элеби»,- деди депутат.

«Тестте, жат жазууда андай болушу мүмкүн эмес. Дароо жазып, текшерилет»,- деди Осмоналиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости