www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пекиндин түштүк-батышындагы ооруканада чыккан өрттөн кеминде 29 адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС өрт чыккан Фэнтай районунун администрациясына шилтеме берүү менен билдирди.

Жергиликтүү бийликтердин айтымында, өрт кечээ, 18-апрелде Пекин убактысы боюнча саат 12:57де (Бишкек убактысы боюнча 10:57де) имаратты каптаган. Куткаруучулар өрттү 40 мүнөттө өчүрүүгө жетишкен

Ошондой эле 71 бейтапты эвакуациялашты. Жергиликтүү бийлик өзгөчө кырдаалга байланыштуу 12 жооптуу адамды, анын ичинде медициналык мекеменин директорун кармаган. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар окуянын себептерин тактап жатышат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости