www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ким бийликке келсе да «тоок сүйүүсүн» арнап, тоголонуп жүрүп «марионеткасына» айланган «маслоеддерден» түзүлгөн, мыйзамдуу чегинен өтүп кеткен азыркы парламенттин депутаттары. Алардан айырмаланып парламентке келип жатышкан Шайлообек Атазов сыяктуу жаш депутаттар ушул парламентти желкесинен сүйрөп алып, какатып-чакатпай эптеп үн берип жаткандай.
Шайлообек Атазов азыркы депутаттардай болуп мансап үчүн жулунган эмес, аны эл сүйөмөлөп 2013-жылы Ош облусуна губернаторлук кызматты аткарып бер дешип суранышканда, "Атамбаевдик бийлик менен иштеше албайм" деп баш тарткан. Тескерисинче акыйкат үчүн жекеме-жекеге чыгып, кас душманына айланган. Башка бирөө болгондо мындай ишке бармак эмес. Жылкыбаев деген губернатор болом деп жылаңайлак чуркап, сандыкта болгон дүнүйөсүн Ак үйгө чачкан.
Шайлообек Атазов кикбоксинг боюнча дүйнөлүк чемпиондукту алып, кыргыз эли дүйнөлүк чемпион тууралуу унутуп баратканда алга сүрөгөн жигиттерибизден. Бир гана спорттук аренеларда эмес, парламенттик ареналарда өзүн көрсөтүп, жүйөөлүү сөздөрү менен элди кубандыра баштады. Парламентте «боконосу ката элек» мындай жаңы келген депутаттар жакшы сөздөрдү сүйлөп, элдин суроосун канаатандырбаса болбойт.
Анткени, Алмазбек Атамбаев «чимкирик» атка кондурган мурунку депутаттардын «эл караган беттери, жер карап калды. Алардын айткандары калп экени, эптеп акчанын айынан кимдир бирөөлөрдүн мыйзамдарын акча үчүн алып чыгарып жүрүшүп көнүп калышкан.
Эгер алтынчы парламенттин тарыхын карасак Атамбаевдин «чимкирик» деген ат койгону жөндүү угулат. 2015-жылы парламенттик шайлоодо Атамбаев көп адамдарга бут тосуп, өзүнүн СДПК партиясын жана СДПКга «клон» «Кыргызстанды» жана айласы жок Атамбаевди колдогон «Өнүгүү-Прогресс», «Бир бол», «Республика-Ата-Журт» партияларынын тизмесин өзү түзүү үчүн Чуңкурчак жайлоосунда Икрам Илмиянов башында турган чоң топ кураган. Ошондо депутат болуш үчүн ийиктей чимирилип, чимкиригин чубалтып Атамбаевдин алдында эт-бети менен кеткендер гана бул тизмеге илинген.
Ал мезгилде Атамбаев акыйкатты бетке айткандарды парламентке жакын жолотпой, бут тосуп жаткан. Мелис Мырзакматов башында турган «Улуттар Биримдигин» туш-тарапка кубалап, парламентке өтпөй калыш үчүн бул партиянын лидери Мелис Мырзакматовду жети жылга кесип жиберген. Ушул партия менен парламентке аттана турган Шайлообек Атазов сыяктуулардын бутуна тузак салып, жаш кезинен тилин кесип салалы деп ойлошкон. Ошондуктан, «Улуттар Биримдиги» партиясы «Ата-Мекен» партиясы менен бирге аттанышып, «Ата-Мекен» фракциясын түзүшкөн. «Улуттар Биримдиги» партиясынан депутат болуп турган Искендер Гайыпкулов Президенттик аппаратка бөлүм башчы болуп кеткен соң анын бош калган ордуна Шайлообек Атазов келди.
Саясий интригалар быкшып турганда, кыргыз элине жаңы кереметти, парламентте жаңы добуштун ачкычын тартуулаган Шайлообек Атазов «ачыла элек сандыктай» парламентке жаңы келди. Алакандай Ала-Тоо элине буга чейин деле Шайлообек Атазов көп дурус бурулушту алып келген. Дүйнөлүк чемпион катары элибиздин оозуна алынып, дүйнөлүк спортто чабыттады. Анын аркасы менен спорт майданында кыргыз элинин аты чыкканы чындык. Жетелесе «төө сыяктуу» кете бергендер бар. Саясат самсаалап келип алардын дал өзүнө минип алат. Ушундай оор сыноолордо өзүн патриотмун деп эсептеген кыргыз жигиттери мекени үчүн туруп, өз ишин илгерилете берет. Ал эми кээ бирөө «Күн тийген жердин күкүктөрүнө» айланышат. «Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар»- дейт. Деги күкүккө айланбай, жакшылап ачыла турган учур келди.
Кыргыз элинде, кыргыз жеринде төрөлүү өзү эле керемет! Шайлообек Атазов спортту торолтуу менен, кыргыз элине өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылып келди. Албетте, анын алгачкы сүйүүсү Мекени. Анын спорттогу жетишкендиктери Кыргызстандан өтүп, эбакта ааламды аралап калган. Жакшы жасалган иштер, кээ бир адамдарды түйшөлдүрүп, түн уйкусун бузат, биз Шайлообек Атазовчо кимге жакшылык кыла алдык, андан көрө ойлонбой туруп жаман сөздөр менен ашатып алгыбыз келет. Ооба да, адамдарга жакшы иш кылуу эмес, жакшы сөз айтуу да оор иш болуп бараткандай. Капчыгыбыз эмес, калем сабыбыз да жаман, негативдүү жактарды жазууда жорголоп кетип, жакшы сапатын айтууда, «күйөөгө берчү кыздай» мокок болуп калабыз. Анан калса, илгери «күйөөгө берчү кыздар» көшөгө ичинде моймолжуп отурушса, эмки күйөөгө берип жаткан кыздар, так текедей секирип, кайын аталары менен «ламбада» тээп жүрүшөт. Заман бузулуп баратат, анын ичинде депутаттар да, бир гана Шайлообек Атазов бузулган жок. Анткени ал өлбөс-өчпөс «чыгармаларын» спортко арнап дүйнөлүк чемпион наамын жеңип алган.
Илгери оозеки эпосубузда Манас баатырыбыз Бээжиндин «солк» этпеген дубалдарына дубанды жарып чуу менен кирип барса, эмки заманда кикбоксер Шайлообек Атазов дүйнөгө өз спорту кикбоксинг менен кирип барган. Тарыхтын оомал-төкмөл кезеңдеринде калкына калканч болуп, «Телиген таптап куш кылган, тентиген элди журт кылган» Айкөл Манастай эр азаматтар чыккан. Канжыгага баш байлап, караңгыда жол тапкан кыраандардан кыргыз намысын сактаган кикбоксер Шайлообек Атазов бар. Тагдыр аларга алптардын жүгүн артып, катаал сыноого кабылта берет. Ошондой ой жеткис эрендердин эченин ойлогон ой, асыл мүдөөсүнө жетпей күлгүн курагында оопат болушу кимдин жүрөгүн сыздатпайт. Кыргыз эли абалтан каарман адамдарга бай келген. Антпесе, «Манас» эпосу баштаган мухиттей асыл-мурастар, адамзатты таң калтырат беле? Депутат Шайлообек Атазов эл сүймөнчүлүгүнө арзып, спортто майышпай турганы аз келгенсип парламентте да жаңы ачылыштарды жасап келе жаткан белсемдүү саясатчы катары эртеңки күнгө үмүттүү карап, эл ишеничин артып отурат.
Азизбек Келдибеков, журналист
Булак: NazarNews.kg