www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Баткенден кен байлыктардын түрү чыгат”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова.

--“Баткенден кендин бардык түрү алтын, көмүр, нефть, алюминий, сымап чыгат. Ошондой эле, мөмө-жемиштин бардык түрлөрү өсөт. Тоолордон суулар агып түшүп, сууга да бай аймак. Облустун аймагында беш өлкөлөр аралык дарыялар бар. Дарыялардын суусун үч өлкө пайдаланат. Суунун көпчүлүк бөлүгүн Тажикстан жана Өзбекстан пайдаланат. Ошентсе да Баткен суу таңкыстыгы бар жер болуп эсептелинет. Себеби өмүр бою бул көйгөйлөр токтобойт. Ошондой эле пайдаланылбай турган жерлерге мамлекеттик ипотека менен Өкмөт көп кабаттуу үйлөрдү куруп берүүнү, ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ссудда жана арзандатылган насыя берүүнү программага киргизип берүүнү суранат элем. Ошону менен эле катар жумушчу орундун жоктугунан Баткенде жумушчу орундарды түзүүгө ыңгайлуу штаттар бар. Мисалы, Самаркандек айыл өкмөтүндө көмүр иштетүүгө болот”, - дейт депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости