www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев чуулуу мыйзамды иштеп чыккан топтон чыкканын билдирди. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасында жарыялады.

"Кандай гана мыйзам иштелип чыкпасын, эң биринчи мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюш керек. Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамды иштеп чыгып жатканда мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеген мыйзамдар иштелип чыксын, туура эмес пункттар кирип кетпесин деп, иштеп чыккан топтун курамына кирген элем. Сырттан каржыланган уюмдар, каражаттар ар кандай диний жана террористтик кыймылдарга колдонулуп кетпесин деген максатта, сырттан келген каражаттардын булактарын жана каражаттардын колдонгон багыттарын гана ачык болуусун мыйзам чегинде көзөмөлдөөчү пункттарды сунуштаган элем. Бирок мен сунуштаган пункттар кирген менен, башкача таризде кетип, андан сырткары мен макул болбогон ашыкча көп пункттар кирип калгандыгынан, мен мыйзам демилгечилердин катарынан чыгуу үчүн арызымды жаздым. Мыйзам коомдун кызыкчылыгы үчүн иштеши керек, бирок аны ишке ашырууда бир тараптуу кызыкдар тарапка иштебеш керек!" — деп жазылат депутаттын билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости