www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мурдагы лидери Дональд Трампка жашыруун документтерди сактоо боюнча айып тагылып, 13-июнда сотко чакырылганын РИА Новости билдирди.
Билдирүү саясатчынын адвокаттары аркылуу келген. Трамп президент Жо Байдендин администрациясын коррупциялашкан деп атады. Ал айыптоонун негизи ФБР анын Флоридадагы Мар-а-Лагодогу мүлкүн тинтүү учурунда мурда колго түшүргөн жашыруун документтер экенин айтты.
“Мени 7-июнда Майамидеги федералдык сотко чакырышты... Мен АКШнын мурдагы президенти менен ушундай болушу мүмкүн деп эч ойлогон эмесмин”, - деди Ак үйдүн мурдагы башчысы.
“Мага шейшемби күнү түштөн кийин саат үчтө (Бишкек убактысы боюнча 01:00) Майамидеги федералдык соттун имаратына келүүгө буйрук берилди", - деди саясатчы.
ABC телеканалынын журналисти Джонатан Карл өз булактарына таянуу менен билдиргендей, АКШ бийлиги экс-президентти жашыруун документтер менен туура эмес иштөө жана сот адилеттигине тоскоолдук кылуу боюнча жети берене боюнча айыптамакчы.
Булак: NazarNews.kg