www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Менин дарегиме 150 ата-энеден арыз келди” - деп Парламент өкүлү Тынчтык Конушбаев, бүгүн 26-сентябрдагы Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында жар салды.

Кеп, мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуу боюнча бара жатат. Анда депутат Военно-Антоновканын жергиликтүү депутаттары менен ата-энелердин ортосунда жакында эле болгон ызы-чууну мисалга тартып, ал гимназиядагы мыйзамсыз акча чогултууларды санап берди.

  1. Гимназиянын “келечек” фондуна ай сайын 100 сомдон чогултулат.
  2. Мектепке келген ар бир окуучу, мектепке кириш үчүн 500 сом берет.
  3. Кошумча сабакка 344 сом жана андагы ар бир кошумча китепке 200 сом.
  4. Пол жууганга 560 сом, ажаткана ремонтуна 100 сом
  5. Башталгыч класстын окуучуларына берилген тамакка 150.

Мындан сырткары, жаңы жылга 100 сомдон, ал тургай окуучунун окугандыгы тууралуу маалымдама алыш үчүн 10 сомдон чогултулат экен. Конушбаев, буларды санап жатып, “баскан – турган жерден акча жасаш, бул эми эмне деген шумдук” – деп таңгалып, жакасын кармаганга үлгүрбөй калды.

Чын эле депутат белгилегендей шумдук бекен? Албетте бул чети гана. Эми кокусунан эле Бишкектеги айрым мектептердин мыйзамсыз чогулткан акчаларын угуп калган депутаттын абалын элестетип көрүңүз...

Андыктан ата-эне бул депутатка арыз жазаарда абайлап, байкап жаза көргүлө. Кантсе дагы канчадан бери козголбогон муз ордунан жылды окшойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости