www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2023-жылдын 17-март күнү жеке менчик банктардан жана микро кредиттик компаниялардан жабыр тарткан жарандар менен жолугуп көйгөйлөрүн уктум. Мындай пикирин ЖК депутаты Жеңишбек Токторбаев билдирди. 

—  Чындыгында эле “Оптима”, “МБАНК” (“КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы”), “Компаньон”, “Бай-Түшүм Банкы”, “Капитал плюс”, “UCH Сredit” жана башка микрокредиттик компаниялардан кредит алып, үстөк акылары алган акчаларынан эки-үч эсе көп төлөгөнү аз келгенсип күрөөгө коюлган турай жайларынан бери алдырып жибергендер көп экен.

Бул маселе боюнча атайын топ түзүп, мыйзамдын негизинде Жогорку Кеңештин, комитет жана фракциянын жыйындарына алып чыгып, карап тиешелүү тармактар менен биргеликте элибиздин, карапайым калктын жонунан кайыш тилбегидей чечип берүүгө бар күчүмдү жумшаймын, — дейт Токторбаев.

Последние новости