www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын экинчи даражадагы мамлекеттик кеңешчиси, коомдук-саясий ишмер, жактоочу Эркин Булекбаев Кыргыз элине кайрылуусу жасады.

Кайрылуунун тексти төмөндө толугу менен: 

Урматтуу кыргыздар, менин улутум казак. Бирок, 9-мартта Бишкек шаардык соттун жабык отурумунда Азимбек Кыргыздын (Бекназаров) судьяларга, прокурорго, бизге – адвокаттарга карап: “.... 2002-ж. 17-мартындагы Аксы трагедиясын бир облпрокурор укук коргоо, сот органдарынын кызматкерлерине “Мен Конституция, мен мыйзам, мен айтканды аткарбасаңар, эмне болооруңарды билесиңер ...”- деп, жүрүп чыгарган.

Эки айдан бери Кемпир-Абадчылардын кылмыш ишин тергеген бир тергөөчү, кылмыш ишке мыйзамсыз “жашыруун грифин” берип, прокурор, сотторго “менин жашыруун токтомум силер үчүн Конституция, мыйзам. Кемпир-Абадчыларды сотко чакырбай, кээде “жабык отурумда кээде онлайн карайсыңар” дегени 2002-жылдагы Облпрокурордун жоругуна окшош. Силер Жапековдун мыйзамсыз токтомуна таянып, жабык сот отурумун жүргүзүп 2-Аксы окуясын жаратпагыла - деп эскертем...

… Мен сиздерден менин бөгөт коюу чарамды, үй камагына өзгөртүңүздөр деп суранбайм. Мен сиздерден Жапековдун мыйзамсыз токтому, көрсөтмөсү менен жүргүзүп жаткан жабык сот отурумуңарды токтоткула” деп суранганы келдим.

... Болуп жаткан мыйзамыз “Жапекчиликти”, чоңдоруңар З.Базарбековго, К.Зулушовко жеткиргиле, алар өз учурунда эң жогорку чоңубуз – Конституциянын кепилине жеткирсин – деп суранганы келдим!

... Урматтуу эски коллегаларым, эгерде духуңар “Жапекчиликке” жетсе, анда жашы 70ден ашкан аял, эркектерди, операция болуп ооруп жаткандарды, балалуу аялдарды жок дегенде үй камагына чыгаргыла...

Качан болду эле ушундай категориядагы адамдарды 6 айлап түрмөдө камаган? Уялбайсыздарбы! Ата-салты, мыйзам кайда кеткен ...” ж.б.у.с. сөздөрдү айтып, Азике баарыбызды жер каратты...

Ушундай адамды пайдалангандын ордуна 20 жылдан ашык куугунтукка алган кыргыз бийлигин эмне дейм? Аттиң, сот отуруму жабык өтпөй ачык өткөндө, журналисттер аркылуу элибиз эмне деген асыл, шедевр, акыйкат сөздөрдү угат эле.

Азикебиз бар болсун. Азикедей кыргыз бар, кыргыздын кыргыз аты, духу өчпөйт.

Мен Азикени 23 жылдан бери жакындан жакшы билем. 2002-жылы аны колдоп, өзүм казак болсом да Чүйлүк депутаттардан жалгыз Үзөнгү-Кууштун Кытайга кетишине каршы тургам.

2005-жыл март, 2010-ж. апрель Элдик революциясынан кийин баасы миллиарддаган сумманы түзгөн 50 дөй обьектини, ондогон миллиард акчаларды улутташтырганына да күбөмүн.

Ондогон саясий куугунтук жеген: Т.Тургуналиев, Ф.Кулов, И.Исаков, А.Жекшенкулов, И.Кадырбеков ж.б. иштерин оңдоп каратууга шарт түздү.

Ысык-Көлдүк 18 адамга, ошондой эле С.Жапаровго, Т.Мамытовго, К.Ташиевге, И.Исаковго, мага, С.Аргынбаевге, У. Рыскуловго, Б.Асановго, К.Кадырбековго ж.б. жактоочу да болду.

Эки элдик революциянын (2005-ж. март, 2010-ж. апрель) мотору, бульдозери да Азике болгон.

Эки элдик ынкылаптын шарапаты менен эчендерибиз эң жогорку бийликке жеттик.

Ошол Азикенин мээнети менен эң жогорку кызматка жеткендердин көпчүлүгү кайра Азикеге, анын жакындарына чейин жамандык издешкенине күбө болгом.

Бул ачык кайрылууну жазганымдын себеби 17-март Азике үчүн абдан оор күн болоорун билем. Бүгүн анын башына кезектеги караан күн түшүп турганда, жогоруда аты аталган “жакшылардын” бири дагы үнүн чыгарып Азикеге моралдык колдоо көрсөткөнгө жарабады!

Текебаев, Чотонов камалганда “Моюнума камчы салып суранам,.. үй камагына чыгарып кой ...” деп Президент Атамбаевге кайрылганын көргөм.

Убактылуу Өкмөт менен президент С.Жээнбековдун жолугушуусунда (2019-ж.), бүтүндөй Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнө жек көрүнүп: Атамбаевди үй-камагына чыгарууну, Садыр Жапаровго ырайым кылып түрмөдөн чыгарууну суранганын да уккам. Калп болсо С.Жээнбеков айтсын.

Азикени баардык Президенттер, С.Жээнбековдон башкасы, мамлекеттик деңгээлде атайын ушак таратып, элге жаман көрсөтүү саясатын жүргүзүштү. Азыр дагы жүргүзүлүп жатат.

Кыргыз эли, Азимбек Кыргыздын кыргыз элине жасаган эмгегин, өзүн жакшы билбейсиздер же ичи тарлык кылып көрө албайсыңар!

Бирок ошол эле учурда Азикебизди жакындан билгендер, аны нукура элдик баатыр дешет. Андайлар карапайым эл арасында көп!

Ушунча чыдаган Азике бул күндөрдү да жеңет, мен ага ишенем. Бирок өмүр өтүп, ден-соолук кетип жатканы өкүндүрөт! - дейт Булекбаев өз Кайрылуусунда.

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров, “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп 2022-жылы октябрда камакка алынган. 24-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чечим кабыл алган. Бекназаров “Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы” болуп келген. Ал буга чейин 21 жыл мурун Үзөнгү Кууштун айынан дагы камакка алынып, каргашалуу Аксы окуясы болуп өткөн. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости