www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат: Чыныгы муктаждар жөлөкпул ала албай жатышат

Колунда бар же таанышы бар жарандар жөлөкпул алып жатат, андай фактылар көп. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда депутат Айбек Маткеримов Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

"Жөлөкпулдарды кимдер алып жатканын айылга барып эле билем. Жөлөкпул берүү дагы коррупция болуп кеткен. Эки айлык акчаңды бербесең, тиешелүү документтерди бүтүрүп беришпейт экен. Адамдар аргасыздан акча берип, жөлөкпул алууга зорго илешип жатат. Колунда же таанышы бар жарандар эле жөлөкпул алып жатат, – деди депутат.

Анын пикиринде, таза эмес иштеген мамлекеттик кызматкерлердин айынан элдин ишеничи кетип жатат.

Эмгек жана социалдык камсыздоо министри Кудайберген Базарбаев чынында эле колунда бар үй-бүлөлөр өкмөттөн жөлөкпул алып жүргөнүн айтып, андай жарандар боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости