www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Суу районунда эркек киши карызы бар жаранды бычактап таштаган. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, соңку сааттарда Кара-Суу райондук милициясына Кенжекул айылынан Кара-Суу райондук ооруканасына белгисиз жаран каза тапкан абалда жеткирилгендиги жөнүндө маалымат түшкөн. Аталган факт маалыматтардын электрондук журналына катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган.
Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, Кара-Суу районунун Кенжекул айылынын кире беришинде 26 жаштагы С.Ж. менен 36 жаштагы У.А. аттуу жарандардын ортосунда карыз акча боюнча пикир келишпестиктен оозеки кайым айтышуу болгондугун, андан соң С.Ж. бычак менен У.А. аттуу жаранды денесине бир нече жолу сайып жибергендигин аныктады.
Натыйжада У.А. алган жаратынан ооруканага жетпей эле каза тапкан. Тыкыр текшерүүнүн жүрүшүндө маркумдун денесине дагы кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Аталган фактынын негизинде Кылмыш-Жаза Кодексинин 122-берененин («Киши өлтүрүү») негизинде кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү С.Ж. дароо кармалып, Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары улантылууда.
Булак: NazarNews.kg