www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияны дүйнөлүк интернеттен ажыратуу дээрлик мүмкүн эмес жана андай нерсени эч ким пландаган жок. Бул тууралуу президенттин санариптештирүү боюнча атайын өкүлү Дмитрий Песков РИА Новостиге берген маегинде билдирди.

"Биз даярданганбыз. Дүйнөлүк интернетти өчүрүп койсо дагы өзүбүздүкү менен иштей беребиз. Учурда глобалдык интернетке туташтыруучу каражаттарды куруп бүтүп калдык.1991-жылдагыдай окуя кайталанбайт. Анда su доменин (Советтер Союзу жана постсоветтик мейкиндик үчүн улуттук домен. — Ред.) Хельсинкиде отуруп алып фин студенти башкарган учур болгон", — деди Песков.

Бул ортодо санариптик өнүктүрүү министри Максут Шадаев Россия европалык маалымат алуу түйүндөрүнөн ажыратылса, Азиядан интернет-трафик ала аларын айткан. Министр билдиргендей, "Ростелеком" башкы магистралдык оператору мындай сценарийге даяр.

Эске салсак, буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да Орусия интернетсиз калбай турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости