www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Марипов Ноокаттан депутаттыкка талапкердигин койду. Ал аймактан депутат болгон Төрөбай Зулпукаровду убактылуу камап койгондон пайдаланып, «арстандар» көбөйө баштады. Алардын бири - Бактыбек Марипов . Анын атасы Асамидин Марипов парламентке депутат болгон. Балким, ошонусуна таяндыбы, Ноокаттын ооруканасында байыды деген кеп бар.

Асамидин аксакал ага иштегендерге маяна берүүнү да ойлобой калган жагдайы бар дейт. Бул тууралуу маалыматта катуу дүң болуп, ага кимдин алы жетмек эле деп тим болушкан. Ал кадырына салып, уулу Улукбекти каалаган жерине иштетти. Аксакал эми да канатына катып жүргөн Бактыбекти куш кылып таптап, депутаттыкка аттантып жатат.

депутаттын баласы гана депутат боло алабы? Орус макалында: «Маршалдын баласы гана маршал болот», - деп айтылат. Бир генерал келиптир: «Менин балам маршал болсо болобу» деп. «Маршал өлүп калса болот» - деп жооп берет тишил. Биз ошол тартипке бара жаткандайбыз, депутат же депутаттын баласы гана депутат боло тургандай, башка адамдарга суутуп коюптурбу?

Тажиктерге берген 104 гектар жерди берип жиберген деген Мариповдун өкүл атасы Аскар Шадиев Америкада качып жүрөт. Эми, балким, депутат инилерине таянып, өзүн актатып алар?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости