www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдик Кыргызстандын санарип технологияларын жакшыртуу долбоорун ишке ашыруу үчүн гранттык негизде 2 миллион евро берет. Бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Мекеменин жетекчилиги Эстониядан келген Электрондук башкаруу академиясынын (eGA) өкүлү Тынис Мяэ менен жолуккан. Кызматташуу боюнча талкуу Европа биримдиги менен Кыргызстандын Twinning/Европа программасынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Анын алкагында санариптик саясатты, укуктук-ченемдик базаны жакшыртуу жана өлкөнүн санариптик потенциалын өнүктүрүү пландалууда.

Анда төмөнкү иштер аткарылат:

  • Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы менен биргеликте санариптик билими бар жарандардын ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү;
  • Региондорду өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги менен биргеликте ачыктыкты жана отчеттуулукту камсыздап, мамлекеттик жана жеке кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу;
  • Жеке маалыматтарды коргоо агенттиги менен биргеликте жарандардын маалыматын коргоо жана купуялуулугун сактоону жакшыртуу;
  • УКМК менен биргеликте мамлекеттик мекемелерде киберкоопсуздук жана кибертуруктуулукту жогорулатуу;
  • Долбордун негизги максаты санариптик билим берүүдөгү теңсиздикти жана жумушсуздукту азайтуу, санариптик өнүктүрүүнү колдоо болуп саналат. Программаны Электрондук башкаруу академиясы (eGA) жүзөгө ашырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости