www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Сот Талант Мамытовду “Ынтымак” партиясынын талапкерлеринин тизмесине кайра алуу боюнча БШКнын арызын кайтарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам боюнча кассациялык даттанууга документти берген адам кол коёт. Ага ишеним кат же өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн башка документ тиркелүүгө тийиш. Юридикалык жактын жетекчисинин колу анын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

«БШКнын кассациялык даттануусу 2021-жылдын 12-февралындагы ишеним каттын негизинде М.Кутбердиеванын өкүлү тарабынан берилген. Административдик кодексти бузуу менен бул арызга ишеним кат тиркелген, ал тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлбөй калган. Ошондуктан анын түп нускалуу экенин аныктоо жана аны өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн жазуу жүзүндөгү далил катары кабыл алуу мүмкүн болгон эмес.

Мындай учурларда, эгерде арыз Административдик кодексти бузуу менен берилсе, ал кассациялык инстанциядагы сот тарабынан даттануу берген адамга кайтарылып берилет», - деп билдирет Жогорку Сот.

24-октябрда БШК Талант Мамытовду шайлоо мыйзамынын 21-беренесинин негизинде депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тарткан. Беренеге ылайык, мамлекеттик саясий кызматтагы адам талапкер болуш үчүн кызамтын тапшырыш керек болчу.

Шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости