www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар "Тышкы миграция жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун карап, I окууда кабыл алышты.
Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы.
Президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын орун басары Алмаз Раимбеков белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргызстандын жарандарына 16 жашка толо электе жалпы жарандык паспорт берүү тартибин жөнөкөйлөтүү болуп эсептелет.
"Мыйзамга ылайык, 16 жашка толо элек жарандарга жалпы жарандык паспорт ата-энесинин макулдугу менен гана берилет. Практикада бул талап көп учурда олуттуу кыйынчылыктарды жаратат. Эки ата-эненин тең макулдугун алуу дайыма эле мүмкүн боло бербейт: алардын бири өлкөдөн тышкары болушу, өз ара аракеттенүүдөн баш тартышы, баланы тарбиялоого катышпашы же анын жайгашкан жери такыр белгисиз болушу мүмкүн. Мындай шарттарда балага иш жүзүндө кам көрүп жаткан ата-эне уруксат алуу үчүн сотко кайрылууга аргасыз болууда", - деди Алмаз Раимбеков.
Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев ата-эненин бири баланын чет өлкөгө чыгуусуна макулдук берүү укугун кыянаттык менен пайдаланган учурда, чет өлкөгө чыгуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин кароону сунуштады.
"Ата-эненин бири баланын жашоосуна катышпаса, алимент төлөбөсө же такыр эле жок болуп кетсе, анда баланын чет өлкөгө чыгуусу үчүн керектелген макулдук маселесин жөнөкөйлөтүш керек", - деди эл өкүлү.
Ал эми депутаттар Талайбек Масабиров жана Жылдыз Курманалиева сунушталган ченемди колдоп, учурда көптөгөн балдар ата-энесинин биринин макулдугу жок болгондуктан жалпы жарандык паспорт ала албай жатканын белгилешти.