www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлжан Сатиева менен Бакыт Чомоев Чүй облусунун Москва жана Сокулук райондорундагы таштанды полигондорунун абалы менен таанышты.

Иш-чарага жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Эл өкүлдөрү таштанды полигондорунун учурдагы абалы, анда тутанган өрттүн масштабы, жакынкы калктуу конуштарга тийгизген таасири сыяктуу экологиялык жана санитардык маселелерди карап, чечүү жолдорун талкуулады.

Өз кезегинде жергиликтүү тургундар дагы аталган жагдайга карата олуттуу тынчсыздануусун билдирип, ден-соолукка коркунуч жаратып жатканын белгилешти. Ошондой эле алар өрттү толук өчүрүү, анын кесепеттерин жоюу жана мындай кырдаалдардын кайталанбашы үчүн ыкчам чараларды көрүүнү өтүнүштү.

Талкуунун жыйынтыгында аймактагы абалды жакшыртуу, экологиялык талаптарды күчөтүү жана ден-соолукка коркунуч келтирген кырдаалдардын алдын алуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Последние новости